Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:24

Лейлекте эки жүздөй кой-эчкини сел агызып кетти 


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

19-майдын кечинде Лейлек районунда нөшөрлөп жааган жаандан улам бир катар айылдарда сел жүрүп, мал жандыктарды агызып, жолдун бир бөлүгүн бузуп кеткен. Бул тууралуу жергиликтүү бийлик кабарлады.

Катраң айыл өкмөтүнүн Катраң, Баул айылдарынан өткөн сайдан сел агып, Раззаков-Катраң унаа жолунда таш менен курулган дамбанын 80 метр аралыгын бузуп, жол убактылуу жабылган.

Баул айылында 200 баш кой-эчкини сел агызып кеткени да кабарланды. Учурда чыгымдар такталып жатат. Алдын ала маалымат боюнча, турак үйлөргө жана тургундарга зыян тийген эмес.

18-майда Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынын бир катар аймагында сел жүрүп, 70тен ашык үйдү каптаган. Чаткалдагы Терек-Сай айылындагы көпүрөнү агызып кеткени, Ала-Букада электр мамычасы жабыркаганы да кабарланган.

5-майда Сузак районунун бир нече аймагында сел жүргөн. Кокту-колоттордон түшкөн сел онго чукул айылды каптап, 1000ден ашуун тургун коопсуз жерге чыгарылган. Селден Сузак, Барпы жана Атабеков айылдарынан 907 үй, онго жакын социалдык мекемелер жабыр тарткан. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG