Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:33

Орусия Украинанын чыгышында кайрадан чабуулун күчөттү


Украинанын чыгышындагы Луганск облусундагы орус тарап аткылаган айылдар.
Украинанын чыгышындагы Луганск облусундагы орус тарап аткылаган айылдар.

Орусия 20-майдан тартып Украинанын чыгышындагы Луганск жана Донецк облустарында чабуулун күчөтүп, артиллерия, ракеталык жана авиациялык аткылоолорду кескин жандантты. Бул тууралуу Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабы кабарлады.

Аталган облустардын жетекчилиги орус тараптын жума күнкү соккуларынан бери дегенде 20дан ашык жайкын тургун каза болгонун маалымдады. Орус күчтөрү айрым жерлерде алдыга жылды, кээ бир жерлерде баскынчылык ийгиликтүү болгон жок.

Украинанын президенти Владимир Зеленский соңку билдирүүсүндө Орусия Украинанын чыгыш аймагы болгон Донбассты толук талкалап салганын айтып, "орус күчтөрү мүмкүн болушунча көп адамды кырууга аракет кылып жатат" деп айыптаган. “Эгер көбүртүп-жабыртпай айтсам, ал жак азыр тозоктогудай болуп калды”,-деди Зеленский видео кайрылуусунда.

Британиянын чалгын кызматы мунун алдында Мариупол шаарындагы украин аскерлери чыгарылгандан кийин Москва чабуулдарын күчөтөт деп эскерткен. “Азовсталь” заводунан кеминде 1700дөй украиналык жоокер жикчилдер турган аймакка жана Орусияга чыгарылып, камакка алынды. Ага чейин Орусия кээ бир багыттар боюнча баскынчылыгын токтотуп, айрымдарында артка чегинген. Украин аскерлери Харьков облусунда орус күчтөрүн чек арага чейин сүрүп чыгышкан.

Орусия Украинанын Крым жарым аралын 2014-жылы аннексиялаган. Донбасс аймагы деп аталган Донецк менен Луганск облустарындагы орусиячыл жикчилдер өзүн-өзү "республика" деп жарыялап, аларды Москва таанып койгон. Облустардын көпчүлүк бөлүгү Киевдин көзөмөлүндө болуп келген, Орусия азыр бул аймактардын административдик чек араларына чейин барарын билдирип жатат. Орусиянын Коргоо министри Сергей Шойгу 20-майда "Лугансктын аймагы толук бошотулганы калганын" маалымдады. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG