Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:08

ТИМ кыргыз жарандары көбөйгөн өлкөлөр боюнча иши тууралуу маалымат берди


ТИМ имараты.
ТИМ имараты.

Кыргызстан чет өлкөлөрдөгү өкүлчүлүктөрүн көбөйтүү аракетин көрүп жатканын бүгүн 20-майда Жогорку Кеңештин “Элдик” депутаттык тобунун жыйынында эмгек мигранттарынын укугун коргоо маселеси талкууланып жатканда тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров билдирди.

Ал элчиликтерди көбөйтүү мамлекеттик казынадан бир топ каражат талап кыларын, бирок мигранттардын укугун коргоодо чоң роль ойнорун белгиледи.

Мадмаровдун айтымында, бүгүнкү күндө Орусия менен Санкт-Петербург жана Казан шаарларында башкы консулдук ачуу боюнча иш жүргүзүлүүдө. Бул өлкөнүн жети шаарында (Сургут, Иркутск, Красноярск, Санкт-Петербург, Южно-Сахалинск, Якутск, Владивосток) элчиликтин кеңселери, Новосибирск жана Екатеринбургда консулдуктар бар.

Италияда кыргызстандыктар көбөйүп жаткандыктан алардын өтүнүчү менен бул өлкөдө жана Францияда, кыргыз бийлиги Европадагы биринчи стратегиялык өнөктөшү деп атап келаткан Венгрияда элчиликтер ачылганы, Словакияда жана Чехияда көбөйүп жаткан кыргызстандыктардын укугун коргоодо бул мекемелердин жардамы бар экени белгиленди.

Мадмаров Жапония, Украина, Түркия, Литва, Түштүк Корея, Грузия өлкөлөрүндө ардактуу консулдуктарды көбөйтүү аракети көрүлүп жатканын, Түркиянын Анталья шаарына туристтик сезон учурунда барып иштегендер көп болгондуктан ал жерде да башкы консулдук ачылганын кошумчалады.

Кыргыз жарандары көбөйгөндүктөн АКШда Чикаго шаарына да башкы консулдук ачуу үчүн кеңсе караштарылып жатканы айтылды. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG