Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:33

Жумгалда райондук соттун судьясы, прокурордун орун басары пара менен кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

20-майда Башкы прокуратура Жумгал райондук соттун судьясы (А.А.) жана райондук прокурордун орун басары (О.Ж.) 50 миң сом пара алып жатып кармалганын билдирди.

Расмий маалыматка ылайык, Жумгал районунун судьясы райондун прокурорунун орун басары менен биргелешип, кылмышка шектелип жаткан жарандын ишин кыскартуу үчүн анын тууганынан 50 миң сом өлчөмүндөгү пара талап кылышкан.

Ушул эле күнү Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкери, милициянын майору К.Т.Т. 20 миң сом өлчөмүндө пара алып жатып кармалганын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен билдирди.

Маалыматка караганда, кызматкер уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүндө иштейт. Ал буга чейин 1500 миң АКШ доллар акча талап кылып, анын бир бөлүгүн алып жатканда кармалган. Бул окуя боюнча ыкчам-тергөө иштери жүрүп жатат. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG