Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:32

WSJ: АКШ Украинанын буудайын Беларус аркылуу чыгарып кетүүнү сунуштады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

АКШ бийлиги Украинанын дан азыктарын Беларустун аймагы аркылуу чыгарууну сунуштап, ал үчүн беларус калийдик жер семирткичтерине салынган санкцияларды убактылуу жокко чыгарууну караштырып жатат. Бул тууралуу The Wall Street Journal (WSJ) басылмасы өз булактарына таянуу менен жазды.

Медиага маалымат берген булак санкциялар алты айга алынып турушу мүмкүн экенин айткан. Украин буудайы Беларустун темир жолу аркылуу Литванын Клайпед портуна жеткирилет.

Мурдараак ушул эле басылма Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антониу Гутерриш Орусия менен Беларустун калийдик жер семирткичтерине жеңилдик берип, ага жетишүү үчүн Украинанын кемелерин Кара деңизден чыгарып кетүүгө Москвадан уруксат алууну сунуштаган. Орусиянын Тышкы иштер министрлиги болсо орус экспортуна санкцияларды жоюу зарылдыгын билдирген.

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен БУУнун Коопсуздук кеңешинин 19-майдагы жыйынында Орусияны украин портторун бөгөттөөнү, азык-түлүктү согуш куралы катары колдонууну токтотууга чакырды. Москва ачкан согуштан улам Кара деңиз жабылып калып, Украинанын кампаларында 20 млн. тоннадай дан азыктары сыртка чыгарылбай жатканы айтылган.

Украина жылына орточо 100 миллион тоннадай дан азыктары өндүрөт. Дан азыктары боюнча эл аралык кеңештин (IGC – International Grains Council) маалыматына караганда, Украина данды экспорттоодо дүйнөдө төртүнчү орунда турат. Тамак-аштын азыктарынын 90% деңиз порттору аркылуу чыгарылып келген. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG