Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:19

Тоолуу Бадахшанда "антитеррордук операцияда" өлгөндөрдүн сөөгү жакындарына берилди


Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автоном облусунун Рушан району.
Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автоном облусунун Рушан району.

Тажикстандын Ички иштер министрлиги Тоолуу Бадахшан автоном облусундагы Рушан районунда өткөргөн "антитеррордук операцияда" өлгөн 21 адамдын сөөгү жакындарына берилди. Бул тууралуу “Азаттыктын” тажик кызматы жергиликтүү тургундарга таянуу менен кабарлады.

Күч органдары 18-майда нааразылыкка чыгып, жол тоскон адамдарды "деструктивдүү күчтөр" деп атап, аларга каршы "антитеррордук операция" өткөргөн. Анда "8 жоочу жок кылынганын, 11и жарадар болгонун” маалымдаган. Соңку маалыматтарда 114 адам кармалганы ырасталды.

Расмий маалыматка караганда, операция учурунда бир офицер каза болуп, 13 кызматкер жарадар болгон. Каршылык көрсөткөндөрдөн курал-жарак жана ок-дарылар алынган, кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери башталган. Укук коргоо органдары башка жарандарга курал-жарактарын ыктыярдуу түрдө тапшырууга үндөп жатат.

Кырдаал 14-майдан баштап курчуган. Хорог шаарынын жүздөгөн тургундары митингге чыгып, Тоолуу Бадахшан автоном облусунун башчысы Алишер Мирзонаботтун жана мэр Ризо Назарзоданын кызматтан кетишин, шаардын борбордук бөлүгүндөгү блокпостторду алып салууну, Бадахшандын тургундарын куугунтуктоону токтотууну талап кылышкан.

16-17-майдагы акцияларда жергиликтүүлөр менен полиция кагылышып, бир нече адам өлгөн. Расмий эмес маалыматтарда бул окуяларда жана операцияда набыт кеткендердин саны алда канча көп экени айтылууда.

Тажикстандын укук коргоо органдары каршылык аракеттерине чет өлкөлүк күчтөр аралашканын, курал-жарак сырт жактардагы уюмдардан алынганын, теракттарды, чагымчыл аракеттерди жасоо үчүн согушкерлер жалданганын билдирүүдө. Ал кайсы уюмдар экенин айткан жок.

Жергиликтүү тургундар алар өз укугун коргоо үчүн тынчтык максатта акцияга чыкканын билдирип келет. Бир катар эл аралык уюмдар жана чет жактагы тажик оппозициясы памирликтерди куугунтуктоону токтотууга чакырышкан. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG