Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:12

Тоолуу Бадахшанда курмандыктар алда канча көп


Тоолуу Бадахшан автоном облусунун Хорог шаарында 16-майда болгон нааразылык.
Тоолуу Бадахшан автоном облусунун Хорог шаарында 16-майда болгон нааразылык.

Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автоном облусундагы соңку кандуу кагылышта бийлик айткандан алда канча көп адам каза тапканы маалым болду. Бадахшанда курчуган кырдаал бир катар Батыш өлкөлөрүнүн тынчсыздануусун жаратты.

Ушул тапта бир нече күндөн бери тынчыбай жаткан Тоолуу Бадахшан аймагында кырдаал кандай экенин тактап билүү мүмкүн болбой турат. Региондо дале интернет, телефон байланышы иштебейт.

Тажик бийлиги 18-майда Рушан районундагы "антитеррордук операция" деп аталган окуяда 9 киши, анын ичинде бир аскер мерт болгонун, 27 адам жаракат алганын, кеминде 70 жергиликтүү тургун кармалганын билдирген. Бирок "Азаттыктын" тажик кызматынын аймактагы булактары соңку кагылышта өлгөн кеминде 21 жергиликтүү тургундун сөөгү жакындарына берилгенин ырасташты.

Бийликтин Рушандагы операциясы канчалык чоң болгону, кандай аскердик техникалар колдонулганы боюнча да карама-каршылыктуу маалыматтар тарап жатат.

Камтамачылык жараткан талаштуу "операция"

19-майда Европа Биримдигинин Тажикстандагы делегациясы, Франциянын, Германиянын, Улуу Британиянын жана АКШнын элчиликтери Бадахшандагы кандуу окуяларга байланыштуу тынчсыздануусун билдирди жана бардык тараптарды "чыңалууну басаңдатуу үчүн болгон аракетти көрүүгө, ашкере күч колдонуудан карманууга жана зомбулукту козутпоого" чакырды.

"Биз Тажикстандын өкмөтүн укук коргоо органдарынын мыйзам үстөмдүгүнүн алкагында иш алып барышын камсыз кылууга жана коопсуздукка байланыштуу кризистик учурларда да адам укуктары менен эркиндиктеринин сактоого үндөйбүз. Жарандар жана журналисттер коркутуп-үркүтүүгө жана куугунтуктоого кабылганы тууралуу кабарлар жана маалыматты чектөө көрүнүшү чыңалууну жөнгө салуу жана кадыресе турмушка кайтуу аракетине шек келтирет", - деп айтылат билдирүүдө.

Дүйнөлүк исмаилиттердин лидери, ханзаада Карим Ага Хан IV да 18-майда Тоолуу Бадахшандагы соңку кырдаалга байланыштуу камтамачылыгы камтылган билдирүү таратып, жагдайды диалог аркылуу жөнгө салууга үндөдү.

Тоолуу Бадахшан автоном облусундагы соңку чыңалуу 14-майда башталган. Ал күнү жүздөгөн жергиликтүү тургундар акцияга чыгып, бийликке облустун башчысын менен Хорог шаарынын мэрин кызматтан кетирүү, региондо репрессияны токтотуу сыяктуу бир катар талаптарды коюп, эки күн мөөнөт беришкен.

Бирок бийлик жергиликтүү жетекчилерге байланыштуу талапты четке каккан. 16-майда милиция Хорогдун борборуна багыт алган бадахшандык жаштар менен кагылышып, андан 29 жаштагы бир тургундун өмүрү кыйылган.

Расмий Дүйшөмбү Рушан районунда 18-майда болгон "антитеррордук" операциясы "кылмыштуу топторго" каршы багытталганын билдирип жатат. Бирок буга далилдерди көрсөтө элек.

"200 кишиден турган уюшкан кылмыштуу топ Рушан районунун борборунда курал-жарактын бардык түрүн колдонуп, Дүйшөмбү-Хорог автотрассасын үч жерден жана чек ара комендатурасына кеткен жолду бууп салышкан", - деп айтылат Тажикстандын Ички иштер министрлиги тараткан маалыматта.

Бирок бадахшандыктар тынч митинг өткөрүп келишкенин, тажик күчтөрүнүн колунан жайкын тургундар жабыркап жатканын баса белгилешүүдө.

"Тартип коргоо кызматкерлери үйгө уруксаты жок эле кирип келип, эркектерди жана уландарды Хорогдогу акциянын катышуучулары кайда жүргөнү тууралуу маалымат берүүгө мажбурлап жатышат", - деп айтып берген жергиликтүү тургундардын бири.

Чет өлкөлөрдөгү тоолуу бадахшандыктардын диаспорасы да региондо бейкүнөө адамдар куугунтукка кабылып жатканын айтып жатышат.

Бийлик транзитине даярдыкпы?

Тажикстандын бул автоном облусундагы кырдаал 2021-жылдын ноябрь айынан бери чыңалып турат. Анда күч түзүмдөрүнүн операциясы маалында оор кылмыштарга шектелген 29 жаштагы Гулбиддин Зиебеков аттуу жергиликтүү тургун өлтүрүлгөн. Бул облустун борборундагы жүздөгөн киши катышкан ири нааразылыкка жол ачкан. Чогулгандар маркумдун сөөгүн администрациянын алдына коюп, анын өлүмүн иликтөөнү талап кылышкан.

Хорогдогу былтыр ноябрь айындагы нааразылык.
Хорогдогу былтыр ноябрь айындагы нааразылык.

Митингчилер жергиликтүү акимчиликтин имаратына таш ыргытып, чабуул жасаганга аракет кылган. Төрт күнгө созулган акцияны полиция ок атып араң тараткан.

Бозгундагы тажик оппозициясынын өкүлү Шарофиддин Гадоев тажик бийлиги соңку операциясына көптөн бери даярданып келгенин, Тоолуу Бадахшандагы чыңалууга саясий жана экономикалык себептер түрткү берип жатканын "Настоящее время" телеканалына айтты.

"Өлкөдө бийликти өткөрүп берүү жараяны жүрүп жатканын түшүнүү керек. Режим Тоолуу-Бадахшанда өзүнүн коопсуздугуна коркунуч жараткан тобокелчиликтерден арылып үлгүрө элек. Президент Рахмон регионду бейформал лидерлерди, нааразы тараптарды тазалагысы келет. Экономикалык жактан Бадахшан баалуу кендери менен белгилүү. Аларды өндүрүү жана чыгарып кетүү үчүн бийлик аймакты толук көзөмөлгө алышы керек", - деди Гадоев.

Тоолуу Бадахшан автоном облусу Тажикстандын жалпы аймагынын 45% ээлегени менен калкы саны 250 миңдин гана тегерегинде. Бул коңшу өлкөнүн жалпы калкынын 3% гана түзөт.

Бадахшандыктардын басымдуу бөлүгү өздөрүн исламдын шийи багытынын бир бутагы саналган исмаилизмдин жана Ага Хандын жактоочулары деп эсептешет.

Кыргызстандын Ош облусу, Кытайдын Шинжаң жана Ооганстандын Бадахшан провинциясы менен чектешкен тоолуу, шарты катаал облусту мургабдык кыргыздар да байырлайт.

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG