Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Август, 2022 жума, Бишкек убактысы 11:10

“Бишкек Тоолуу Бадахшандагы абалга тыкыр көз салышы керек”


Азат Эркебаев.

Тажик бийлиги Тоолуу Бадахшан автоном облусунда «антитеррордук операция» башталганын жарыялады. Ички иштер министрлиги 18-майда кабарлагандай, Рушан районунда өкмөттүк аскерлер менен Хорогго карай жолду бууганга аракет кылган жергиликтүү тургундар кагылыша кетти. Тоолуу Бадахшандагы чыңалуунун өзөгү эмнеде? Кыргызстан эмнени эске алышы керек?

Бул теманы изилдеп келаткан кыргызстандык мурдагы дипломат Азат Эркебаев “Азаттыкка” маек курду.

- Тажикстандын Ички иштер министрлиги Тоолуу Бадахшан автономдуу облусунун борбору Хорогдо 16-майдагы нааразылык акция учурунда бир киши каза тапканын ырастады. Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлерине куралдуу кол салуу болгондо үч тартип коргоочу жарадар болду. Эмне себептен Тоолуу Бадахшанда мындай нааразылык токтобой, милиция менен кагылышуулар утур-утур катталып жатат?

- Тоолуу Бадахшандагы бул окуялар биринчи жолу болуп жаткан жок. Байма-бай катталып, өнөкөткө айланып бара жатат десек да болот. Өткөн жылы катуу митингдер болуп, кагылышууларга чейин жеткен. Былтыркы митингдер мындан да опурталдуураак болуп, каза тапкандардын саны көбүрөөк болгон. Азыр эми бир киши деп айтып жатышат. Бирок менин укканым боюнча азырынча эки киши набыт болгону, алты киши жараат алганы кабарланып жатат.

Мурдагы дипломат Азат Эркебаев.
Мурдагы дипломат Азат Эркебаев.

Хорогдогу өткөн жылкы кагылышуу жана митингдер үч кишинин өлүмү менен аяктаган. Ошого карабастан бул жолку митингди да күчтүү даярдалган деп айтсак болот. Даярдалган дегенде кандай?

16-майда митинг өтөрү алдын ала жарыяланды. Өздөрүнчө топ болуп бириккен бадахшандыктар өкмөткө алдын ала эскертүү берип, митингге байланыштуу сунушун да, талабын да жеткиришти. Ошондуктан муну чукул же күтүлбөгөн митинг дегенге болбойт.

Биз бийлик да буга даярданганын, ал аскердик жактан камылга көрүп, митингди болтурбоого же анын ырбап кетишин алдын алууга аракет кылганын көрүп турабыз. Ошондуктан митингчилерге күч колдонулуп, бир топ адамдар жараат албадыбы.

Негизинен бул региондун өзүндөгү саясий кризис. Бирок көп жылдардан бери уланып, ырбап, өчпөй келаткан (регион аралык десек да болот) кризиске кептелген абал түзүлүп турат.

- Тоолуу Бадахшан Тажикстандын жалпы аймагынын 45% ээлегени менен памирликтер Тажикстандын калкынын 3% гана түзөт. Эл аралык маалымат каражаттарында Тоолуу Бадахшан расмий Дүйшөмбүнүн өкүмү анчейин өтпөгөн жана тажик бийлиги үчүн баш оору жараткан аймак катары мүнөздөлүп келет. Сиз кризис көптөн бери келатат деп жатасыз. Анын негизги себептери эмне? Географиялык жүйөдөн башка дагы кандай жүйөлөр бар?

- Мунун башаты 1990-жылдарда Тажикстандагы жарандык согуштун мезгилине барып такалат. Тоолуу Бадахшан Тажикстан эгемендик алгандан бери эле автономдуу облус бойдон калуу үчүн катуу аракет көрүп, акыры бул макамды сактап калган. Чөлкөмдө автономияга жетүү тууралуу сезимдер күчтүү болчу. Жарандык согуш учурунда деле Тоолуу Бадахшан өзүн обочо кармап, расмий бийликти анчейин колдобой, оппозиция тарапка ыктаган. Ошол учурдагы оппозициялык топтор Тоолуу Бадахшанда баш калкалап, бул аймактын жолдорун пайдаланып, курал-жарак ташыган учурлар болгон.

Орусия падышалыгынын учурунда эле Памир же Бадахшан аймагы өзүнүн геостратегиялык ролу бар өз алдынча регион деген түшүнүк жаралган. Памирликтерде, бадахшандыктар да ушундай сезим болгон.

Себеби башка жерлерге караганда, Орусия падышалыгынын учурунда эле көбүрөөк көңүл бурулуп, чептер курулган жана геостратегиялык аймак катары Орусия тараптан да бааланып келген. Ошондуктан азыр да митингдер учурунда “Орусиядан жардам сурасак, же аларга кайрылуу кылсак” деген да үндөр чыга калып жатат.

Андан тышкары Бадахшанды Тажикстан көз карандысыздыкка жеткенден бери экономикалык жактан обочодо калган, өгөйлөнгөн, ич күптүсүн чыгара албай же аларды расмий борбор менен тең ата сүйлөшө албай жаткан же алардын көңүл чордонунда боло албай келаткан регион деп мүнөздөсөк болот. Ушул маселелер да ажырымды көбөйткөн. Ошондой эле акыркы кезде Тажикстандын бийлиги да бадахшандыктарды өздөрүн башкартпай, жетекчилерди Дүйшөмбүдөн жөнөткөн тажрыйбага өтүп алган.

Мисалы, өткөн жылы таасирдүү, өзү бадахшандык Ёдгор Файзов деген жетекчисин алмаштырып, анын ордуна сырттан келген, ошол жерде коопсуздук кызматында иштеп жүргөн адамды Тоолуу Бадахшан аймагынын башкаруучу катары жөнөткөн. Андан тышкары кечээ жакында эле Тажикстандын бийлиги Дүйшөмбүдөгү экономика министрин өздөрүнүн Тоолуу Бадахшандагы өкүлү катары жөнөтүшкөн. Ошол да кризисти бир аз болсо да күчөтүп койду. Бул жакта ушундай чиеленишкен, чырмалышкан себептери көбөйүп баратат.

Тажикстан менен Ооганстандын Бадахшан провинциясы чектешкен аймак.
Тажикстан менен Ооганстандын Бадахшан провинциясы чектешкен аймак.

- Деги эле Тоолуу Бадахшандын калкынын басымдуу бөлүгү өздөрүн исламдын шиит багытын карманган исмаилиттер жана Ага Хандын жактоочулары деп эсептешет. Соңку окуяларда же Дүйшөмбү менен кайсы бир деңгээлдеги пикир келишпестиктерде Ага Хан фактору да роль ойношу мүмкүнбү?

- Албетте, Тоолуу Бадахшан тууралуу сөз кылганда Ага Ханды жана анын иш фондун айтып кетпесек да болбойт. Чынында Ага Хандын таасири күчтүү экенин баарыбыз эле билебиз. Ага Хан Тажикстандагы исмаилизм бутагын карманган адамдардын олуясы катары сый-урматта жүргөн инсан. Ал руханий гана лидер эмес, Тоолуу Бадахшанга дайыма камкордугун көрсөтүп келаткан, экономикалык, гранттык долбоорлорду да ишке киргизип, ошол менен кичине болсо да Бадахшандын экономикасын, социалдык абалын көтөрмөлөп, көмөк көрсөтүп келе жаткан таасирдүү күч, фактор болуп калган.

Бирок бул терс жагынан эмес. Өткөн жылы да ушундай тирешүү пайда болуп калганда Ага Хан фонду жана Ага Хандын өзү эки тарапты тең элдешүүгө, маселелерди тынчтык жол менен чечүүгө чакырган жана аймактын коопсуз болушуна салымын кошуп келатат.

Буга карабай Тажикстандын расмий бийлиги бир аз кызганыч менен караганы же ошол кишинин таасиринен коркуп, ошону азайтсак деген ойлору бар экени жашыруун эмес. Ошол боюнча иш-аракеттер да болуп келет. Андыктан бул дагы өзүнчө бир фактор.

Чынында памирликтер, бадахшандыктар тажик улутунан айырмаланып жүргөн элдерден түзүлгөн. Бадахшандыктар же памирликтер дегенибиз менен, өзүңүздөр билгендей, бул аймакта 10 миңден 20 миңге чейин мургабдык кыргыздар жашайт.

Андан тышкары этноконфессиялык жактан өтө чырмалышкан, тил, диалект жана салт-санаа жагынан айырмаланган элдер байырлайт. Бул жерде вахандыктар, шугнандыктар, рушандыктар бар. Майда, бирок өздөрүн эл катары эсептеген жалпы атаганда памирликтер же бадахшандыктар бар. Бул калктардын салтын, тилин сактап калуу же таасирин арттыруу сыяктуу максаттары жок эмес.

Ушул маселелердин баары борбордук бийлик менен тил табышууга жана экономикалык же саясий жактан теңата болуп сүйлөшүүгө жеткирбеген факторлордун бири болуп жатат.

Албетте, бул аймак Ооганстан менен чектеш. Чек аранын ооган тарабында да Бадахшан деген провинция бар экени белгилүү. Азыр ошол жакка да “Талибан” кыймылы көзөмөлүн орнотконун эске алуу керек. Ошол эле жерде жалпы кырдаалдан пайдаланып, Борбор Азияга таасирин жайылтууну көздөгөндөр же экстремисттик топтордун бар экени жашыруун эмес.

- Ушул тууралуу кененирээк сурай кетейин. “Талибан” Кабулдагы бийликти ээлегенден кийин ооган жергесин “террордук топтордун чордонуна айландырбайбыз, куралдуу топторду жок кылабыз” деп убада кылган. Ошол куралдуу топтор Бадахшандагы олку-солку кырдаалдан пайдаланып, дүрбөлөң салышы мүмкүн деген кооптонуу канчалык негиздүү?

- Андай кооптонуулардын негизи бар. Ага кыйыр мисал катары айта турган болсок, ашып кетсе акыркы үч жуманын ичинде Ооганстандын Өзбекстан жана Тажикстан менен чектешкен аймактарында үч жолу ок атуу фактысы катталды. Биринчиси - экстремисттик топтордун Өзбекстандын Термез аймагы тарапта ок чыгарганы. Акыркы эки жуманын ичинде Тажикстан менен Ооганстан менен чектешкен аймакта да эки жолу ок атылганы кабарланды.

Ушулардын көбөйүп баратканы да экстремисттик топтор “Талибан” кыймылынын тескемелерин укпай коюп жатканын, алар менен эсептешпей туруп өздөрүнүн иш-аракеттерин кылып жатканын туюнтуп турат. Албетте, бул жагдай бизди кооптондурбай койбойт.

Ошондуктан биздин тиешелүү кызматтарыбыз аймактагы кырдаалга көз салуу, чалгындоо, же алдын ала маалымат алуу багытындагы ишти күчөтүшү керек. Абалга байкоо салып турбасак, бизге кээ бир кооптуу жагдайлар күтүүсүздөн келип калышы мүмкүн. Аларды болтурбоо үчүн алдын ала чара көрүшүбүз керек.

Дагы бир жолу баса белгилеп кетейин. Кыргыз-тажик чек арасы дегенде биз көпчүлүк учурда Баткен облусундагы кырдаалды элестетебиз. Баткенден тышкары Чоң Алай жана Алай райондорубуз Бадахшан менен тикелей чектешип турат. Ал жакта географиялык шарт жана бийлик тоолорго байланыштуу кыйын кырдаал түзүлүп калышы мүмкүн.

Ал жерде көзөмөлдөн чыгып кетүүчү, тосулбаган же толук такталып бүтпөгөн чек ара аймактары бар экенин биз эске алып коюшубуз керек.

Тоолуу Бадахшандагы кыргыздар байырлаган Мургаб аймагы.
Тоолуу Бадахшандагы кыргыздар байырлаган Мургаб аймагы.

- Сиз Бадахшан экономикалык жактан обочодо калганын айтып өттүңүз. Чынында бул облус тоолуу, жолу татаал аймакта жайгашкан. Жумушсуздуктун көрсөткүчү да жогору экени белгилүү. Тажик бийлиги бул аймактагы социалдык маселелерди чечүүгө чындап көңүл буруп жатканы байкалабы?

- Албетте, такыр көңүл бурбай койду дегенден алысмын. Бирок аракети башка аймактарга салыштырмалуу кыйла чабалыраак экенин баса белгилеп айтсам болот. Бул көзгө көрүнүп эле турган нерсе. Өткөн жылы Эмомали Рахмон аймактарды кыдырып, Тоолуу Бадахшандын райондоруна да келип, социалдык объектилерди ачканга аракет кылды.

Бирок жалпысынан алганда Тажикстандын борбордук бөлүгүнө жакыныраак райондордо, ошол эле Бадахшандын Дарваз жана Рушан райондорунда социалдык объектилер көбүрөөк курулганы менен эң эле депрессиялык же жаратылыш шарттары абдан эле татаал болгон Вахан, Ишкашим райондорунда жана албетте биз менен чектешкен Мургаб районунда жаңы долбоорлордун, социалдык-экономикалык объектилердин курулушу абдан эле аз. Мындан тышкары бадахшандыктар инвестициялар аз экенин, жетпей жатканын да айтып келишет. Тоолуу Бадахшан автоном облусунда ири инвестициялык долбоорлор жокко эсе деп айтса болот. Бул дагы региондун депрессиялык болушунун бир себеби.

Ошол эле учурда Тоолуу Бадахшандын экономикалык жактан стратегиялык орду бар. Бул аймак Кытай менен да, Ооганстан менен да чектешип турат. Кытайдан Тажикстанга товар ташууда Тоолуу Бадахшан аймагынын ролу абдан чоң.

Тажикстандан Кытайга өтчү Кара-Суу ашуусундагы жападан-жалгыз өткөрмө бекети Тоолуу Бадахшандагы Мургаб районунда турат. Бирок бадахшандыктар андан көп пайда көрбөй келишет. Тажикстандан Ооганстанга өтүүчү ири өткөрмө да бар.

Андыктан тоолуу бадахшандыктардын экономикалык жактан чабал болуп жатканын жана адилетсиздик болуп жатканын айтканы жүйөлүү. Тажик бийлиги экономикалык жактан салым кошуп, өнүгүү үчүн ири долбоорлорду баштабай турган болсо, регион начар өнүккөн бойдон кала берет жана нааразылыктардын болуп турушуна дайыма өбөлгө түзүлө берет.

- Тажикстандын «Азия-Плюс» агенттиги бийликтин кысымынан улам Тоолуу Бадахшан автономдуу облусундагы соңку окуяларды чагылдыруудан баш тартканын билдирди. Бир нече айдан бери бул өрөөндө интернет чектелип жатат. Тажик бийлиги эмне үчүн мындай кескин чектөөлөргө барып жатат? Дүйшөмбүнү эмне кооптондуруп турат?

- Менин баамымда, буга кайрадан эле тажик бийлигинин кооптонуулары себеп болуп жатат. Себеби Тажикстандын Бадахшандан башка аймактарында ушундай наарызылык же пикет-митингдер жокко эсе. Байкалбайт да. Бир канча жылдан бери ушул Тоолуу Бадахшан аймагында гана көптөгөн адамдар өкмөткө нааразылыгын билдирип, борбордук аянттарга миңдеген санда, уюшкандыкта чыгып, өздөрүнүн оюн айтып жатат.

Албетте, өз бийлигин сактап калайын, же болбосо коркунучту алдын алайын деген жетекчилерде элдин митингге чыкканы калган аймактарга жетпесин же билинбей калсын деген ойлор бар. Андан тышкары Тоолуу Бадахшандагы кырдаалга да көптөгөн мамлекеттер көз салып турат. Андыктан маалымат чыкпасын, башка дүйнөгө тарабасын деген ойлор болушу мүмкүн.

Дагы бир жагдайды айтып коюшубуз керек. Чет өлкөдөгү тажикстандык диаспоранын арасында эң уюшумдуусу - бул памирликтер, бадахшандыктар. Булардын арасында Орусияга, Европага, Америкага чейин барып калгандары бар. Алар эң эле активдүү. Мен өзүм да байкап турам. Булар бийликке болгон талап же нааразылыгын англисчеге да которуп, эл аралык уюмдарга жеткиргенге аракет кылып жүрөт. Ошондуктан чет өлкөлүк укук коргоо уюмдарга же Дүйшөмбү менен алакасы жакшы чет өлкөлөрдүн өкмөттөрүнө Тажикстанда болуп жаткан элдин нааразылыгын жеткирбөө үчүн жымсалдоо аракети катары бааласак болот.

Чоң-Алай аймагы.
Чоң-Алай аймагы.

- Акырында сиз учкай кеп кылган маселеге да кененирээк токтоло кетели. Сиз айткандай, Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автоном облусу Кыргызстандын Ош облусу, Кытайдын Шинжаң району жана Ооганстандын Бадахшан провинциясы менен чектешет. Бадахшандагы кырдаалга байланыштуу Кыргызстан эмнелерди эске алышы керек? Деги ал жактагы окуялар коңшу өлкөлөр үчүн кандай коңгуроо болушу керек?

- Мен айтып кеткендей, Кыргызстан менен Тажикстандын Тоолуу Бадахшан аймагынын чек арасы аз эмес. Бийик тоолор аркылуу өтөт. Анын бардыгына, чынын айтканда, биздин чек арачылардын дарамети да жетпеши мүмкүн. Айрым “ачык же боз зоналарда” биздин күжүрмөн чек арачылар дайыма көзөмөлгө алып турган участоктор бар.

Ошондуктан кайра эле келип коопсуздук маселесине барып такалат. Себеби Тажикстандын Бадахшан облусу Ооганстандын Бадахшан провинциясы менен чектешет. Ооганстандын бул аймагында кээ бир экстремисттик жана террористтик деп сыпатталган топтор бар экени айтылып келе жатат.

Жаз келип, жай башталар алдында ашууларда жол ачылганда аларды азгырган жагдайлар түзүлүшү мүмкүн. Бул алардын жеке каалоосу деле болбошу мүмкүн. Айрым бир үчүнчү күчтөрдүн же башка бир мамлекеттердин атайын кызматтарынын шыкагы менен Борбор Азияга ушундай коркунучтар туулушу ыктымал.

Кайсы бир топтордо Тажикстанга келип, ал жакта кандайдыр бир согушту тутантуу, же болбосо андан ары Кыргызстандын же Өзбекстандын аймагына, айрыкча Фергана өрөөнүнө кирип келүү тууралуу кыялдары же максаттары жок деп эч ким кепилдик бере албайт.

Азыр дүйнөдө кырдаал тез өзгөрүп жатат. Ири державалардын ортосунда көрүнөө да, көмүскө да оюндар болуп турат эмеспи. Мисалы таасир талаш. Ал талаш ар кандай жолдор менен болушу мүмкүн. Аскердик, экономикалык, атайын кызматтар, диверсия, провокация аркылуу болуп турганын тарыхта байкап келе жатабыз.

Ошолордун баарын эске алып, биздин атайын кызматтар, коопсуздук тармагын тейлеген мекемелер чалгындоо иштерине көбүрөөк көңүл бурса деген ойду айтат элем. Тажикстан чек аралаш аймактарда жергиликтүү бийлик жашоочуларга түшүндүрмө иштерин да өткөрүп койгону туура болот.

Бадахшандын өнүкпөй жатканынан улам нааразылык көбөйүп жатканын айтып өттүм. Бул бизге да багыт же сабак болушу керек. Биздин да борбордон алыс, тоолуу аймактарыбызга, же болбосо өнүгүүсү башка райондордон чабалыраак райондорго, чек аралаш аймактарга көбүрөөк көңүл буруп, ал жакта чек арачылардын да шарттарын жакшыртып берип, калкты да социалдык жактан камкордукка алуу кажет. Жергиликтүү тургундардын ошол аймактардан кетпей, тескерисинче ал жактардын коргоочусу болушуна шарт түзүлүшү керек.

Бул маекти толугу менен төмөнкү шилтемеден уга аласыз
Тоолуу Бадахшандагы чыңалуунун өзөгү эмнеде?
please wait

No media source currently available

0:00 0:26:08 0:00
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG