Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:02

Тажикстан Ооганстан тараптан атылган ок тууралуу маалымат берди


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Тажикстандын Улуттук мамлекеттик коопсуздук комитети Ооганстандын аймагынан атылган ок боюнча маалымат берди.

8-майдагы билдирүүдө Тахор провинциясында "Талибан" кыймылы (Кыргызстанда тыюу салынган) менен "Ислам мамлекети" террордук уюмунун 7-майда болгон кагылышуусу маалында кокусунан Тажикстан аймагын көздөй ок атылып кеткени айтылат.

"Ховар" маалымат агенттиги Тажикстандын чек ара кызматына таянып кабарлагандай, кагылышуу Хожа-Гар деген райондо бир жарым сааттай уланган.

"Бул жер Тажикстандын мамлекеттик чек арасына жакын жайгашкан жана ал жактан атылган октор кокусунан биздин өлкөнүн аймагына өтүп кеткен. Адамдар арасында жоготуулар жана материалдык чыгым катталган жок", -деп жазылат маалыматта.

7-майда "Ислам мамлекети" экстремисттик уюму Тажикстандын аймагына ракеталык сокку урганын моюнуна алган. Ооганстандык айрым маалымат каражаттары Хожа-Гар районунан Тажикстанды көздөй бир нече ракета учурулганын жазышкан.

Тажик коопсуздук кызматы билдиргендей, ушул тапта "Талибан" кыймылы Тахор провинциясындагы Хожа-Гар аймагында террордук топторду аныктоо жана куралсыздандыруу боюнча чараларды көрүп жатат.

"Ислам мамлекети" радикал тобу Ооганстанда соңку кездери болгон бир нече жардыруу үчүн жоопкерчилик алган. Апрель айында Мазари-Шарифтеги мечиттеги жардырууда 12 киши мерт кетип, алтымыштан ашууну жаракат алган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG