Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:16

ЕАЭБ аймагына товар ташыгандарда электрондук эсеп-фактурасы болушу керек


Таластагы "Чоң-Капка" өткөрмө бекети.
Таластагы "Чоң-Капка" өткөрмө бекети.

Мамлекеттик салык кызматы бүгүн, 8-майда Евразия экономикалык биримдигинин аймагына товар экспорттогон ишкерлерге кайрылуу жолдоду.

Анда Кыргызстандан экспортко чыга турган товарга электрондук эсеп фактурасы талап кылынары белгиленген. Казакстан аркылуу ЕАЭБдин аймагына бара жаткан жүк ташуучу товардын баарына QR коду бар электрондук эсеп-фактурасын кагазга чыгарып, жанында алып жүрүшү керек.

Мындай документи жок товар мобилдик топ тарабынан айып пул аянтчасына камалып, мыйзам алдында жоопко тартылат. Кагазга чыгарылган QR коду бар эсеп-фактурасын Казакстандын тийиштүү органдары талап кылууда.

Бир айга жетпеген убакыт мурда Бишкек менен Нур-Султан Казакстан тарап электрондук эсеп-фактурасын текшербейт деген чечимге келишкен. Кыргыз тарап унааларды документи жок чыгарбайт деген милдеттеме алган.

Бирок май айы жаңырганда Казакстандын мамлекеттик киреше комитети "Кыргызстандын айрым абийирсиз ишкерлери бул макулдашууну бетке кармап, Казакстанга аткезчилик жүктөрдү жашыруун схема менен киргизип жатканын" маалымдаган.

Казак-кыргыз чек арасында маал-маалы менен жүк ташуучу унаалардын бир нече чакырымга созулган узун кезеги болуп турат. Мурдагы жылдарда мындай узун кезектер эки өлкөнүн талаш-тартышына жол ачып, эксперттер бул көрүнүштү “соода согушу” деп атап келген.

Талаштуу маселелер Дүйнөлүк соода уюмуна чейин жеткен учурлар болгон. Эки өлкө тең өз аймактарында товарларды эркин өткөрүү макулдашылган Евразия экономикалык биримдигине мүчө. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG