Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:39

Луганск облусунда 90дой адам жашырынган мектепке сокку урулду


Белогоровкадагы авиабомба тийген мектептин имараты.
Белогоровкадагы авиабомба тийген мектептин имараты.

Украинанын Луганск облусундагы Белогоровка айылындагы мектептин имаратына 8-майда урулган соккудан алдын ала маалыматтар боюнча 60 адам набыт кетиши мүмкүн. Бул тууралуу облустун аскердик администрациясынын жетекчиси Сергей Гайдай билдирди:

«Мектепке авиабомба тийди. Тилекке каршы толугу ал толугу менен талкаланды. Азыр куткаруучулар урандылардын алдынан аман калгандарды издеп жатышат. Албетте, куткаруучулар колунан келгенин жасашат. Бирок адамдардын тирүү калуу мүмкүнчүлүгү аз. Жакшыдан үмүт кылып туралы. Кимдир бирөө аман калар».

Гайдай кошумчалагандай, мектептин имаратында айылдан чыгып кетүүгө үлгүрбөй калгандын баары жашырынган эле. Орусиянын Коргоо министрлиги бул тууралуу үн ката элек. Орус армиясы Украинанын ар кайсы аймактарына сокку урууну улантып жатат. 7-майда Одесса облусуна ракета урулганы маалым болду. Алардын бири калаа аэропортуна тийген.

Ал эми Мариуполдогу «Азовсталь» заводунан бардык жайкын тургундар чыгарылды. Бул маалыматты украин бийлиги ырастады. Ушул тапта ал жактагы медкызматкерлерди жана жарадар аскерлерди чыгарып кетүү жараяны жүрүп жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG