Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:58

"Ленинград блокадачылары" коомунун төрайымы Кутанова дүйнөдөн кайтты


Анна Кутанова.
Анна Кутанова.

"Кыргызстандагы Ленинград блокадачылары" коомунун төрайымы Анна Кутанова 92 жаш курагында дүйнө салды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Кутанова 1930-жылы 18-январда туулган. Кыргызстанга эвакуация болгонго чейин блокадада калган Ленинградда (азыркы Санкт Петербург) жашаган. Ал кездеги мектеп окуучусу ок атуу жана бомбалоо болуп турган учурда аскер штабга баалуу маалыматтарды жеткирген.

«Ленинградды коргоо үчүн» медалы менен сыйланган, көптөгөн юбилейлик медалдардын ээси.

2012-жылы анын демилгеси менен Бишкектеги Дайыр Асанов атындагы сейил бакта Ленинград блокадасына арналган эстелик ачылган. 1994-жылдан бери январь айында Кутанова баштаган коом Бишкекте Ленинград блокадасын эскерүү иш-чараларын уюштуруп турчу.

1941-жылдын сентябрынан башталган Ленинград блокадасы дээрлик 900 күнгө созулган. Шаарды немистик күчтөр курчап, Ладожское көлү аркылуу гана жалгыз каттам калган. Бирок ал шаар калкын толук камсыздай алган эмес. Натыйжада миңдеген адамдар ачкадан кырылып, суук катуу кыйнаган. Блокададан чыгарылган балдар жана аялдардын бир нечеси Кыргызстанга жеткирилген. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG