Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:53

Кыргыз-тажик чек арасы: мыйзамды буздурган аргасыздык


Сүлүтү шаарындагы көмүр шахталарынын бири.
Сүлүтү шаарындагы көмүр шахталарынын бири.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Сүлүктү шаарында мыйзамсыз жашап, иштеп жүргөн Тажикстандын он бир жараны кармалганын маалымдады. Бир жылдан бери кыргыз-тажик чек арасы бир тараптуу жабык турганына карабай жөнөкөй тургундардын каттамы токтобой жатканы айтылып келет.

Атайын кызматтын билдиришинче, 30-апрелде кармалган тажик жарандары Сүлүктү шаарындагы көмүр кампаларынын биринде мыйзамсыз жашап, иштеп жүргөн.

Алар Тажикстандын Согд облусунун Жаббар Расулов районунун чек арага жакын Коргончо айылынын тургундары экени кабарланды.

"Белгиленген тартипти бузуу менен мыйзамсыз эмгектенип жүрүшкөн. "Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү" беренесинде каралган кылмыштын негизинде сотко чейинки өндүрүш иши катталып, кармалгандар тергөө абагына киргизилди", - деп айтылат УКМК тараткан маалыматта.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы алака 2021-жылдын апрель айында болгон кандуу окуядан кийин солгундап кеткен. Мындан улам Кыргызстан Тажикстан менен чек арасын бир тараптуу жапкан.

Азырынча тиешелүү кызматтар тажик жарандары чек арадан кантип өтүп, Кыргызстандын аймагында канча убакыттан бери иштеп жүргөнү жөнүндө маалымат бере элек.

“Азаттык” радиосунун тажик кызматы Тажикстандын Коргончонун тургундарына байланышканда алар айылдын он бир жашоочусу ушул жылдын 29-апрелинен бери дайынсыз болуп жатканын айтышкан.

“Алар көмүр шахталарына барып иштеп жүрүшчү. Күн сайын эртең менен жумушка кетип, түндө бир маалда келишчү. Бирок 29-апрелде кайтпай калышты. Аларга эмне болгону тууралуу эч кабарыбыз жок”, - деп билдирген айыл тургундарынын бири.

Коргончонун айыл өкмөтү он бир жаран Кыргызстандын аймагында кармалганын ырастаганы менен ал жакка эмнеге барганы тууралуу толук маалымат берген эмес.

Сүлүктү шаарында 35тей шахтада көмүр казылат. Мындан тышкары он чакты көмүр кампасы бар.

Буга чейин Баткен облусунун милициясы жыл башынан бери Кыргызстандын аймагында мыйзамсыз жүргөн беш тажикстандыкты кармаганын кабарлаган.

Облустун ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынын өкүлү Дамира Юсупованын айтымында, коңшу өлкөнүн жарандары жалданып иштөө үчүн келген.

“2022-жылдын төрт айында облус аймагында беш тажикстандык чек араны мыйзамсыз кесип өткөнү үчүн кармалган. Алардын бирөө аял. Кармалган тажикстандыктар Кыргызстандын аймагына акча табуу же жалданып иштөө үчүн келген. Облус аймагында мындай мыйзамсыз аракеттерге жол бербөө максатында милиция кызматкерлери “Нелегал” иш-чараларын уюштуруп, коомдук тартипти көзөмөлдөп турат”.

Милиция кармаган тажикстандык аял Сүлүктү шаарына жакын көмүр шахталарынын биринде ашпозчу болуп иштеп жүргөнү айтылган.


“Чек ара” коомдук бирикмесинин теңтөрагасы, активист Элбек Хабибуллаев бул көрүнүштү иш берүүчүлөрдүн арзан жумушчу күчүнө кызыгып, мыйзам бузуп жатканына байланыштырды.

“Сүлүктү жана Исфана шаарларында Тажикстандын жарандары мурдатан бери эле жалданып иштешет. Айрыкча шахта ээлери арзан жумушчу күчүнө кызыгат. Тажикстандан келип иштегендер коопсуздук жана башка укуктарын талап кылбайт. Мурдараак Сүлүктүдө шахтада иштеген бир тажик жараны кармалганы айтылган. Бир жылдан бери чек ара жабык турса, кошуна өлкөнүн жарандары кантип келди деген суроо туулат. Алар чек ара жабылганга чейин кирип алганбы же бир жылдан бери билинбей иштеп жүргөнбү? Же улам байкатпай кирип жатышабы? Андай болсо ким аларды өткөрүп жатат?”, - деди Элбек Хабибуллаев.

Чек ара чырына чейин Баткендин коңшу өлкөгө чектеш айылдарында эрте жаздан баштап талаада жана курулушта тажикстандыктар жалданып иштечү.

Кандуу жаңжалдан кийин ары-бери каттам тыйылганы карапайым эл гана кыйналып жатканы айтылып келет.

“Чек аранын жабык турганына жыл айланды. Бирок жашыруун каттамдар, аткезчилик токтогон жок да. Андан көрө чек ара тактоо иши тезирээк чечилсе, мамиле мурдагы калыбына келсе деп айтаар элем. Мурда күнүнө миңдеген тажикстандыктар бизге келип, акыга талаа иштерибизди, чарба жумуштарбызды жасап кетишчү. Алар деле кыйналып жатса керек. Жашылча-жемишин бизге сатышчу. Эки өлкөнүн бийлиги талаш-тартышка чекит койсо, эл мынчалык кыйналбайт эле", - деди Сүйүнбай аттуу фермер.

Кыргызстанда ондогон тажикстандыктар чек араны мыйзамсыз кесип өткөн деген кине менен соттолгон. Ушу тапта канча тажикстандык абакта отурганы белгисиз. Алардын айрымдарына чек арадагы жаңжалга катышкан деген айып тагылган.

Ошол эле кезде кошуна мамлекетте камакта жаткан кыргызстандыктар да бар. Тажикстандын Согд облусунда 2021-жылы 39 кыргызстандык чек араны мыйзамсыз кесип өткөнү үчүн соттолгон. Апрель айында Тажикстандын абактарында 13 кыргызстандык жаран түрдүү кылмыш иштери боюнча соттолуп, жазасын өтөп жатканы белгилүү болгон.

Быйыл январда Тажикстандагы түрмөдө жазасын өтөп жаткан бир кыргызстандык жаран каза болгон.

6-7-май күндөрү Кыргызстандын Тажикстандагы элчилиги түрдүү кылмыштар үчүн соттолуп, ал жактагы абактарда жаткан төрт кыргызстандык жарандан кабар алып, жакындары менен видео байланыш уюштурган.


Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда чек ара тактала электигине байланыштуу тынымсыз жаңжалдар чыгып турат. Өткөн жылы 28-апрелден 1-майга чейин уланган куралдуу жаңжалда Кыргызстан тараптан 36 киши курман болгон, анын экөө бала. 180ден ашуун киши жараат алган. Тажикстан тараптан 19 киши өлүп, 87 киши жарадар болгону расмий кабарланган.

Куралдуу жаңжалдан кийин кыргыз өкмөтүнүн атайын токтомунун негизинде Тажикстан менен чек ара бир тараптуу жабылган.

Расмий Бишкек эки тараптуу жалпы каттамдарды толук калыбына келтирүү иши чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо иштери аяктагандан кийин карала турганын билдирген.

2021-жылы октябрь айында гана кыргыз өкмөтү чек арадан каттамдарда кээ бир катмардагы жарандар үчүн уруксат берген.

Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку жаңжал быйыл 27-январда да катталды. Андагы атышуудан Кыргызстандан жалпысынан 13 адам жараат алса, Тажикстандын "Ховар" маалымат агенттиги жаңжалда эки тажик жараны набыт болуп, дагы 10 адам жараат алганын кабарлаган.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын узундугу 970 чакырым. Апрель айында кыргыз-тажик президенттери эки мамлекеттин чек арасынын 660 чакырымдан ашыгы такталганын жарыялашкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG