Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:12

Тажикстанга аткезчилик жол менен жүк ташыгандар кармалды


Иллюстрация
Иллюстрация

25-апрелде УКМКнын Чек ара кызматы аткезчилик жол менен Тажикстанга жүк алып кирүүгө аракет кылган үч кыргызстандык жаран кармалганын билдирди. Лейлектин 37 жаштагы тургуну автоунаасы менен 700 кг. кир самынды документи жок чек арадан өткөрүүнү көздөгөн.

Баткен районундагы Ак-Таш тилкесинде болсо, жергиликтүү тургун Тажикстанга 1 тонна селитра алып өтүүгө аракет кылып, чек арачылар тарабынан кармалган. Лейлектин дагы бир тургуну 500 кг ашык таттууларды жана кир самын менен кармалган. Алдын ала эсептөөлөргө ылайык аткезчилик менен чыгарыла турган товарлардын жалпы суммасы жарым млн. сомду түзөт.

Чек ара кызматы мыйзам бузгандардын ишин укук коргоо органдарына өткөрүп берген.

УКМКнын Чек ара кызматынын эсебинде, 2021-жылы Баткен облусунун аймагында аткезчилик менен жүк ташыган 170 учур аныкталды. Кармалган мыйзамсыз жүктөрдүн жалпы суммасы 60 млн. сомдон ашкан.

Кыргызстан Тажикстан менен чек арасын 2021-жылдын апрель айындагы куралдуу жаңжалдан кийин бир тараптуу жапкан.(KS)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG