Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:34

Баткенде аткезчилик менен жүк ташыган 170 учур аныкталды


2021-жылы УКМКнын Чек ара кызматы тарабынан Баткен облусунун аймагында аткезчилик менен жүк ташыган 170 учур аныкталды. Чек ара кызматынын Баткен аймактык башкармалыгынын башчысы Кыялбек Төлөнбаев 28-декабрда “Азаттык” радиосуна билдиргендей, кармалган мыйзамсыз жүктөрдүн жалпы суммасы 60 млн. сомдон ашкан.

“28-декабрь күнү дагы чек арага жакын жерден жүктөрдү мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган төрт унаа кармалды. Аткезчилик менен жүк ташууга аракет кылгандар дээрлик баары Тажикстан менен чек арада жүрүп жатат. Калк арасында улам түшүндүрүү иштерин, атайын иш чараларды уюштуруп жатабыз. Облустук бийлик тиешелүү кызматтар менен атайын көзөмөл топторду да уюштурду. Бирок, дагы деле ушундай мыйзамсыз аракет кылгандар кармалууда”, -деди Төлөнбаев.

Кыргызстан Тажикстан менен чек арасын быйыл апрель айындагы куралдуу жаңжалдан кийин бир тараптуу жапкан. Кээ бир катмардагы жарандар үчүн чек ара аркылуу эки тараптын макулдашуусу менен октябрь айында гана ары-бери каттоого уруксат берилген.

Президент Садыр Жапаров 23-октябрдагы жылдык маалымат жыйынында чек ара толук такталмайынча ачылбай турганын билдирген. Кыргызстан кимдер өтө аларын көргөзгөн атайын тизмеде этникалык кыргыздар үчүн да пункт бар. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG