Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:32

Жапаров Франциянын президенти Макронду жеңиши менен куттуктады


Франциянын президенти Эммануэл Макрон.
Франциянын президенти Эммануэл Макрон.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Франциянын президенти болуп кайра шайланган Эммануэл Макронду куттуктады. Бул тууралуу президенттин сайтында жазылды.

“Бул жооптуу кызматка кайрадан шайланышыңыз француз элинин сизге болгон жогорку ишенимин ырастайт. Мен өз тарабымдан Кыргызстан менен Франциянын ортосундагы конструктивдүү диалог жана өз ара пайдалуу кызматташтык улантылат деп эсептейм”, - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Франциянын Ички иштер министрлиги президенттик шайлоонун экинчи айлампасында 24-апрелде учурдагы мамлекет башчы Эммануэл Макрон жалпы добуштардын 58,54% ээ болуп, экинчи мөөнөткө шайланганын бышыктады. Анын атаандашы, ашкере оңчул саясатчы Марин Ле Пен 41,46% добуш топтоду.

44 жаштагы Макрон соңку 20 жылда экинчи мөөнөткө шайланган биринчи француз президенти болуп калды. 53 жаштагы Ле Пен үчүнчү жолу президенттик шайлоого катышып, эки жолу Макронго утулду. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG