Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:29

Оппозициялык кыймыл президенттин билдирүүсүнө жооп кайтарды


Өткөн айда "Кыргызстан бириккен демократиялык кыймылы" аттуу оппозициялык уюм түзүлгөн.
Өткөн айда "Кыргызстан бириккен демократиялык кыймылы" аттуу оппозициялык уюм түзүлгөн.

"Кыргызстан бириккен демократиялык кыймылы" аттуу топ президент Садыр Жапаровдун оппозиция өкүлдөрү боюнча айткан пикирине жооп берди. Кыймылдын мүчөсү, саясатчы Равшан Жээнбеков “Кабар” маалымат агентигинин журналисти президентке чагымчыл суроо берген деп эсептейт.

“Журналист чагым кылып, маалыматты бурмалап койду. Мен оппозициялык кыймылдын мүчөсү катары айта алам, бир дагы саясатчы митинг кылып, бийликти кулатабыз деп жарыялаган эмес”, - деди Жээнбеков.

25-апрелде "Кабар" маалымат агенттигине президент Садыр Жапаров маек куруп, журналист Улан Чойбеков “Оппозицияга бириккендер жакында митинг кылабыз. Бул бийлик болбой калды. Кулатыш керек деген ниеттерин билдирип жатышат. Буга көз карашыңыз кандай?” – деген суроо берген.

Ага президент "бийликти сындагандар керек, бирок алар такталбаган маалыматтарды таратып жатат" деген таризде жооп кайтарган. “Башаламандык кылам дегендерди жазага тартабыз” деп айткан.

“ПолитКлиника” медиасы президент менен маектешкен журналисттин суроосу боюнча анализ кылган. Басылма оппозиция өкүлдөрүнүн акыркы учурда сүйлөгөн билдирүүлөрүн текшерип, бийликти басып алууга чакырык жок экенин жазды.

Өткөн айда "Кыргызстан бириккен демократиялык кыймылы" аттуу оппозициялык уюм түзүлгөн. Кыймылдын башкы максаты демократиялык институттарды жана баалуулуктарды калыбына келтирүү, адилеттүү укук системасын түзүү, каатчылыкка каршы экономикалык программаны иштеп чыгуу жана жакырчылыкка каршы күрөш боюнча бийликке альтернативдүү сунуштарды берүү экени айтылган.

Уюмга саясатчылар Равшан Жээнбеков, Клара Сооронкулова, Бектур Асанов, Мамбетжунус Абылов, Кеңешбек Дүйшөбаев, укук коргоочу Рита Карасартова жана башка активисттер мүчө болгон. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG