Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:30

Милиция Темировго документ бергендердин иши өзүнчө тергелип жатканын билдирди


Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин имараты.
Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин имараты.

Иликтөөчү журналист Болот Темировго паспорт берген кызмат адамдарынын иши өзүнчө тергелип жатат. Мындай маалымат 26-апрелде Бишкекте болгон басма сөз жыйында айтылды. Анда иликтөөчү журналист Болот Темировго козголгон кылмыш иштер боюнча маалымат берилип жатат.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалагынын өкүлү Чынарбек Майлибеков Темировго мыйзамсыз документ бергендер аныкталып, укуктук баа берилерин билдирди.

Temirov LIVE каналынын негиздөөчүсү, иликтөөчү журналист Болот Темиров анын паспортуна байланыштуу козголгон кылмыш ишине байланыштуу билдирүү жасап, буга чейин мамлекеттик мекемелерде иштеп жүргөн учурда документтеринин баары толук текшерилгенин билдирген.

Президент Садыр Жапаров 25-апрелде "Кабар" маалымат агенттигине курган маегинде журналистти жасалма документтердин негизинде паспорт алган деп айыптаган. 20-апрелде Темировго карата Жазык кодексинин 379-беренеси ("Документ жасалмалоо"), 378-беренеси ("Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү") боюнча эки кылмыш иши козголгону белгилүү болгон. Темиров муну ишмердигине тоскоолдук катары мүнөздөгөн.

Анын алдында Temirov Live каналы Улуттук коопсуздук комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Таймурастын компаниясы Жалал-Абадда бир нече тендерди утуп алганы тууралуу иликтөөсүн жарыялаган. Ташиев баласы тендерлерди мыйзамдуу түрдө утуп алганын айткан.

Быйыл жыл башында шаардык милиция Темировго карата Жазык кодексинин 283-беренеси ("Баңгизаттарын, психотроптук каражаттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо") менен иш козгогон. Анын алдында журналисттин командасы жемкорлук тууралуу иликтөө жарыялап, анда да Ташиевдин аты аталган. Ошол эле күнү УКМК төрагасы Ташиев брифинг уюштуруп, мамлекетке зыян келтирбегенин жана коррупцияга аралашпаганын жарыялаган. Бул иш боюнча тергөө уланууда.

Бир катар жергиликтүү жана эл аралык уюмдар жемкорлуктун бетин ачкан журналистке куугунтук жүрүп жатканын белгилеп жатышат. (TSh)

XS
SM
MD
LG