Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:24

Таласта майыптыгы бар кызды зордуктоого шектүү кармалды


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Талас облусунда биринчи топтогу майыптыгы бар кызды зордуктоого шектелип анын айылдашы кармалганын "Азаттыкка" облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жергиликтүү тургун милицияга 18-апрелде арыз менен кайрылып, анда 30 жаштагы карындашын айылдашы зордуктаганын жазган. Шектүү зордуктоо тууралуу дооматты четке каккан.

Кыз соттук-медициналык экспертизадан өткөн, денесине жаракат келтирилбегени аныкталган.

Шектүү кылмыш жаза кодексинин 37-беренеси ("Кылмыш жасоого аракеттенүү") жана 154-беренеси ("Зордуктоо") менен айыпка тартылып, облустук милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Ал тараптан комментарий боло элек.

Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын 2020-жылдагы изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда бир жылда "зордуктоо" беренеси менен 250дөн ашуун иш козголуп, анын 17си гана сотко жеткен. (KS/MKt)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG