Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:41

Сот укук коргоочуларды айыпка жыккан чечимди жокко чыгарды


Бишкекте Украинадагы согушка каршы чыккан Өндүрүш Токтонасыровду милиция кармап жаткан учур. 2-апрель, 2022-жыл
Бишкекте Украинадагы согушка каршы чыккан Өндүрүш Токтонасыровду милиция кармап жаткан учур. 2-апрель, 2022-жыл

Бишкек шаардык соту 26-апрелде Биринчи Май райондук сотунун укук коргоочулар Азиза Абдирасулова менен Өндүрүш Токтонасыровду 3 миң сом айыпка жыккан чечимин жокко чыгарды.

Мындай айып аларга Орусиянын элчилигинин алдында Украинадагы согушка каршы акция өткөргөндө “милициянын талабына баш ийген жок” деген негизде тагылган.

Буга чейин шаардык сот Абдирасулова жана Токтонасыров менен акцияга чогуу чыккан укук коргоочу Динара Ошурахуновага тагылган айыпты да жокко чыгарган.

Аты аталган укук коргоочулар 17-мартта элчиликтин алдына Украинадагы баскынчылык аракеттерди токтотуу талабы менен пикетке чыгышкан. Аларды милиция кармап кеткен. Кийин сот ар бирине 3 миң сомдон айыппул салган.

Согуш башталгандан бери Украинада эки тараптан тең миңдеген адамдар каза таап, 4 миллиондон ашуун адам үй-жайын таштап качууга аргасыз болду.

Украина-Орусия маселесинде бейтарап экенин расмий Бишкек согуш башталгандан бери кайталап келет. (KS)

XS
SM
MD
LG