Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:10

Ысык-Көлдө ак илбирс аткандар кармалды


Ак илбирс. Иллюстрациялык сүрөт.
Ак илбирс. Иллюстрациялык сүрөт.

Ак-Суу районундагы Теплоключенка айылында кызыл китепке кирген ак илбирсти аткан жаран кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

37 жаштагы Д.М. аттуу жарандын үйүн тинткен учурунда бир сайлуу мылтык жана ак илбирстин териси табылган.

Шектүү тергөө учурунда жандыкты анын таанышы атып, үйүнө убактылуу сактоого калтырып кеткенин айткан. Тергөөнүн жүрүшүндө экинчи шектүү, ошол эле райондун Ак-Булуң айылынын 48 жаштагы Б.Э. аттуу тургуну кармалган. Ал ак илбирсти Сары-Жаз Сырт өрөөнүнөн атып келгенин моюнга алган. Анын үйүнөн да уруксат кагазы жок ок атуучу курал табылган.

Азыркы учурда милиция тийиштүү экспертизаларды даярдап, тергөө амалдары уланууда.

Ушул эле Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын туристтик-экологиялык милиция кызматкерлери эки аюунун териси мыйзамсыз аңчылык жолу менен алынганын аныктады. Маалыматка ылайык, 23-апрелде Ак-Суу районунун Сары-Жаз-Сырт өрөөнүнүн тургуну Т.А. китепке кирген эки аюунун терисин сактап жүргөнү аныкталган.

Кармалган аюунун териси.
Кармалган аюунун териси.

Алдын ала маалыматта аюуларга мыйзамсыз аңчылык кылуу фактысы "Хан-Теңири" мамлекеттик жаратылыш паркынын аймагында жүргүзүлгөн.

Туристтик-экологиялык милиция тери качан, кандай шартта алынганы тууралуу баа берүү үчүн Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин адистерин чакырган.

Материалдар Ак-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө өткөрүлүп, каттоого алынган иш боюнча тергөө амалдары башталды. Иш Кылмыш-жаза кодексинин 267- жана 308-беренеси менен каралып жатат.

Мындан сырткары тийиштүү экспертизалар дайындалган. Ак-Суу районунун Сары-Жаз сырт өрөөнүнүн тургуну Т.Адан мындан сырткары уруксат кагазы жок бир сайлуу мылтык алынган.

Эл аралык уюмдардын эсебинде, жер бетинде 4000ден 7500дей гана илбирс жашайт. Бийик тоо, аска-зоону мекендеген жаныбар адам көзүнө сейрек чалдыгат. Соңку маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда илбирстин саны 300-500 чамалуу экени айтылат. Жаратылышты коргоонун эл аралык кеңеши 2040-жылга чейин илбирс тукуму 10% кыскарып кетиши мүмкүн экенин эскерткен.

Өкмөттүн 2013-жылдагы токтомуна ылайык, аюуга аңчылык кылуу (атуу, кармоо) үчүн айыппулдун өлчөмү 1 млн. сомду түзөт. Ал эми ак илбирсти атууга 1,5 млн. сом айып пул салынат.

Эки жаныбар тең кызыл китепке кирген. (KS)

XS
SM
MD
LG