Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:35

Александр: Кыргызстанда шарт болсо IT-жамааттар келмек


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Орусиялык IT-адис Александр Сейгаров учурда Кыргызстанда иштеп жатат. Ал март айында үй-бүлөсү жана компаниядагы онго чукул кесиптеши менен келип, убактылуу каттоого турган. Сейгаров Кыргызстандагы жумушу жана "санарип көчмөндөр" үчүн түзүлгөн шарттар тууралуу пикири менен бөлүштү.

- Биз Кыргызстанда 15-марттан бери жашап жатабыз. Июндун башына чейин болобуз деп ойлойм. Андан ары жагдайга карайбыз. Биздин бул жерде каттообуз бар, аны мүмкүн дагы узартабыз. Же болбосо, шартка карап, дагы башка өлкөгө орун которобуз.

Александр Сейгаров, орусиялык IT адис
Александр Сейгаров, орусиялык IT адис

Бул жакка иштөө үчүн ыңгайлуу шарттарды издеп келдик. Анткени, Орусияда ар кандай сервистерди тосмолоп жатышат. Эл аралык өндүрүмдөр менен иштегендер үчүн бул чоң көйгөй болду. Кыргызстанда эч кандай чектөө жок. Алагды болбой, бейкапар иштей берсек болот. Экинчи жагдай, биздеги (Орусияда – ред.) кырдаал алдыда кандай болору, дагы эмнелер болуп кетери азырынча түшүнүксүз. Ошондуктан, учурдагы негизги максатыбыз – кырдаалдын жөнгө салынышын күтүп туруу.

- Сиздер Кыргызстанда визасыз жана каттоосуз туруп жатасыздарбы?

- 30 күнгө чейин визасыз жана каттоосуз жүрө алабыз. Бирок турак жай, хостел же мейманкананы ижарага алсаң, анда каттоого турушуң кажет. Өткөн айда сентябрга чейинки мөөнөткө каттоого турганбыз. Элчилик жана консулдук берген расмий маалымат боюнча Кыргызстанда жарым жылга чейин турсак болот. Мөөнөт аяктагандан кийин виза алышыбыз керек же өлкө сыртына чыгып, кайсы бир мөөнөттөн кийин кайра келишибиз керек болот.

- Кыргызстанда IT-адистерге, өзгөчө чет элдик адистер үчүн түзүлгөн шарттар кандай экен?

- Жалпысынан алганда, шарттар "жакшы" деген баага жакын десек болот. Интернет жакшы экен, бул абдан сонун. IT-адис үчүн жогорку ылдамдыктагы интернет зарыл. Анткени, дүйнөнүн чар тарабындагы кесиптештер бири-бирибиз менен дайым байланышта болушубуз керек жана ар кандай сервистерди колдонобуз. Интернеттин жоктугу биз үчүн өтө көйгөйлүү маселе.

Маселен, менин Казакстанга, Өзбекстанга, Түркияга, Грузияга жана башка жактарга кеткен досторум бар. Алар интернеттен бир аз ыңгайсыздык бар экенин айтышат. Бул жакта Бишкекте болобу же Ысык-Көлдөбү, техникалык мүчүлүштүк жок, беймарал иштей алабыз.

Экинчиден, сиздерде коворкингдер менен коливингдер бар экен. Бирок, бул жаатта көңүл бура турган айрым жагдайларды айтайын. Маселен, мен жалгыз келген эмесмин. Биз компаниябыз, жалпысынан онго чукул кишибиз. Биз жаңы келгенде мындай көйгөйгө туш келдик - Бишкекте ондон ашуун кишиден турган жамаатка коворкинг же коливинг табуу бир аз татаал болду. Анткени, ал кезде Орусиядан келген айтишниктердин агымы көп эле. Жумуш орун табуу кыйын болду. Эки эле вариант бар эле. Же жашаган батириңде отуруп өз алдынча иштейсиң же чет жакадан тынчыраак мейманкана табыш керек. Ошондуктан, биз Ысык-Көлгө барып мейманканага жайгаштык да, жамаатыбыз менен ишибизди улантып кеттик. Эгерде айтишник жалгыз өзү келсе, баары жайында болот. Ал эми компания же чоңураак жамааты менен келсе, анда көйгөй жаралышы мүмкүн.

Бир мисалды айта кетейин, Өзбекстанда өзүнчө IT-шаарча бар. Ал жакка компаниялар толугу менен жайгашып, иштей алат. Беларуста EPAM Systems деген ири компания бар. Биздин өлкөдө окуялар башталып, каттоо иштери жүрүп жатканда алар жүздөгөн кызматкерлеринин баарын Грузияга же Өзбекстандын IT-шаарчасына которууну чечкен. Өзбекстанда алардын чоң жамаатына дароо эле орун табылып, компанияны толук бойдон которуп кетишкен. Тилекке каршы, Кыргызстанда мындай нерсени көрө алган жокмун. Албетте, ушундай топторго орун берген коворкингдер менен коливингдер бар. Бирок компанияларды бүт бойдон кабыл ала турган масштаб жетишпейт. Эгерде Бишкекте же Ысык-Көлдө ушундай мүмкүнчүлүктөр пайда болсо, анда Орусиядан кандайдыр бир ири компаниялар штаттык адистерин толугу менен алып Кыргызстанга которулуп келмек.

Орус тилдүү адистер үчүн бул жакта шарт жакшы. Элдин дээрлик баары орусча баарлаша алат. Эгерде Европадан же Америкадан келген "санарип көчмөн" болсо, анда аймактардагы эл менен баарлашууда кыйынчылык туулушу мүмкүн. Ошондуктан, аймактарда чет элдиктер үчүн англисче кеңеш бере тургандай маалыматтык пункттарды уюштуруу зарыл деп ойлойм. Бул жакка орун которуп келгендеги алган негизги таасирлерим ушулар болду.

- Учурда кыргыз өкмөтү "Санарип көчмөндөр" үчүн убактылуу жобо даярдоодо. Чет элдик IT-адистер үчүн пайдасы көбүрөөк болушу үчүн бул жобонун кандай болушун каалайт элеңиз?

- Мен кесиптештеримдин бул жакка орун которуусун уюштуруп жүргөн маалда ушундай программа иштесе сонун болмок. Менимче, биринчи кезекте маалыматтык айдың түзүү керек. Маалыматтык сайтпы же лендинг болобу, иши кылып "санарип көчмөн" визасын, анын артыкчылыктарын, бул визаны алуунун жол-жоболорун жана учуп келүүнүн жолдорун кенен түшүндүрүп берген платформа болсо.

Анткени, биз Орусиядан чыгып жатканда Кыргызстанда каттоого туруу, кайсы жерге жайгашуу, жергиликтүү мыйзамдар тууралуу маалыматтарды ар башка сайттардан издеп, чогултуп жаттык. Бул бир кыйла ыңгайсыз иш. Эгерде кандайдыр бир портал же лендинг болуп, анда чет элдиктер үчүн негизги жооптор камтылып турса жана кошумча суроолорго жооп табуу үчүн тиешелүү шилтемелери менен болсо, өтө ыңгайлуу болмок. Бул орун которуп жаткан адамдар үчүн өлкөнү тандоодо бир кыйла артыкчылыктарды берет.

Бир мисал, биз 10 киши болуп Кыргызстанга келе жатканда канча мезгилге кала аларыбызды, үй жаныбарларын өзүбүз менен чогуу ала келсек болобу, эмдөөдөн өтүү шартпы же жокпу, кандай документтер талап кылынарын түшүнүү кыйын болду. Жыйынтыгында, кесиптештеримдин үчөө-төртөө бул жакка келе албай, башка өлкөнү тандады. Эгерде эмне талап кылынары ачык-айкын болгондо, алар дагы Кыргызстанга келишмек.

- "Санарип көчмөндөр" үчүн Кыргызстанда кандай аянтчалар болушу керек деп эсептейсиз?

- Дижитал жыйындар жана жолугушуулар өтүп тура турган кандайдыр бир аянтчаларды түзүү керек. Мисалы, мен Кыргызстанда эки айдан бери жашап жатам. Жергиликтүү адистер менен жолугушуп, тажрыйба алмашып турсак сонун болмок. Бул алар үчүн да, биз үчүн пайдалуу болуп, өз ара алака түзүлмөк. Биз азырынча кандайдыр бир идеялык айдыңды жолуктура алган жокпуз. Бул жаатта кандайдыр бир чечим катары көп кишини камтый алган IT-парк же коворкинг болуп, аны мамлекет колдоого алып турса жакшы болот эле.

- "Санарип виза" кандай болушу керек жана дижитал көчмөндөрдүн тандоосуна кандай факторлор таасир кылат?

- Санарип виза канча сом тураары да чоң мааниге ээ. Анткени, бул ар өлкөдө ар башка. Кээ бир жерде сен чет элдик компания менен иштешип жатканың тууралуу маалыматты жана банктык эсебиңе белгилүү бир каражаттын түшүп турганын көрсөтсөң жетиштүү. Ошондой эле, визаны кароого кеткен чыгымды мамлекеттик бюджетке төлөп бересиң. Албетте, визанын өзүнө акча төлөбөй эле чет элдик компания менен иштешип жатканың тууралуу маалыматтарды тастыктап эле берсең да жакшы. Кыргызстанга келген киши бул жерде тамак-аш, ар түрдүү буюмдарды сатып алат жана батирди ижарага алып, өлкөнүн экономикасына салым кылат. Виза чыгымына төлөм алуу өлкөнү тандоодо бир аз жолтоо болот. Мисалы, дижитал көчмөн виза үчүн миң доллар төлөшү керекпи же төлөмү жок башка өлкөгө кетүү ыңгайлуубу? Албетте, алар көп учурда визасы акысыз өлкөнү тандашат. Виза акысы айрым жерлерде ири суммага айланып кетет. Ошондуктан, визаны же акысыз, же символикалуу суммада кылып коюшса жакшы болот.

Визанын мөөнөтү ар өлкөдө ар башка. Маселен, Испанияда дижитал визаны бир жылга алып, андан кийин үч жолу узартсаң болот. Жалпы алганда, бул виза менен үч жылга чейин иштей аласың. Айрым мамлекеттерде бул мөөнөт азыраак. Албетте, мөөнөтү канчалык узак болсо, адистин тандоосуна ошончолук ыңгайлуу болот.

Визаны учуп келгенден кийин ала турган кылса да ыңгайлуу болот. Маселен, Кыргызстанга учуп келип, тиешелүү мамлекеттик мекемеге барып, визаны түз эле ошол жерден аласың. Анткени, биздикилердин көбү эле Орусияда окуялар башталганда эмоционалдык түрдө жөнөп кетүү чечимин кабыл алып жатты. Алардын Орусияда отуруп алып визанын келишин күтүүгө чамасы жок болчу. Дагы жакшы, орус жарандары үчүн Кыргызстанга визасыз кирүү мүмкүнчүлүгү бар эле.

Бишкекте "Create4" деп аталган фестиваль өттү
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:47 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG