Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:25

Кыргызстан киберкоопсуздугун бекемдөөсү керек экени айтылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстан киберкоопсуздугун бекемдөөсү керек экени 21-апрелде Бишкекте Европа Биримдиги менен бирге уюштурулган жыйында айтылды. Анда аталган уюм каржылаган “Кыргызстандын санариптештирүү программасын колдоо” долбоорунун ишке ашырылуусу талкууланды.

“Түндүк” платформасын ишке ашыруу менен санариптештирүү багытында жакшы жетишкендиктер болгону, бирок электрондук өкмөттүн чечимдерин толук жүзөгө ашыруу жана санарип коом түзүү ылдамдыгын төмөндөтүүчү бир катар тоскоолдуктар бар экени, өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу жана стратегиялык максаттарын колдоо үчүн киберкоопсуздукту бекемдөө зарыл болуп жатканы белгиленди.

2021-жылы башталган бул долбоор 2023-жылы жыйынтыкталат. Аны ишке ашырууга Европа Биримдигине мүчө өлкөлөр – Эстония, Финляндия жана Италия көмөктөшүүдө. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG