Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:58

Орозо айт майрамы 2-майга белгиленди


Ош шаары.
Ош шаары.

Быйылкы Орозо айт майрамы 2-майга белгиленди. Бул тууралуу бүгүн 20-апрелде Кыргызстан Мусулмандарынын дин башкармалыгы билдирди.

Ислам шариатына ылайык, Орозо айынын аяктоосу жаңы чыккан айдын көрүнүүсүнө карап аныкталат. Айт майрамы Аалымдар кеңешинин чечиминин негизинде белгиленет.

Жалпы мусулмандар ыйык тутуп, ниет кылган Орозо айы Кыргызстанда быйыл 2-апрелде башталган. 28-апрелге караган түн Кадыр түн болот.

Май майрамдарына байланыштуу быйыл Кыргызстанда 1-майдан 9-майга чейин дем алыш күндөр болорун өкмөт маалымдаган. 1-май - Эмгек күнү, 5-май - Конституция күнү, 9-май - Улуу Жеңиш күнү. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG