Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:28

Он эки медициналык коллежге чара көрүү сунушу берилди


Саламаттык сактоо министрлигинин имараты.
Саламаттык сактоо министрлигинин имараты.

Саламаттык сактоо министрлиги түзүлгөн атайын комиссия медициналык окуу жайлардын материалдык-техникалык жана клиникалык базасын текшерип, "12 медициналык коллеж талапка жооп бербейт" деген чечим чыгарганын кабарлады.

Министрликтин маалыматында, бул окуу жайларга тиешелүү чара көрүү үчүн Билим берүү жана илим министрлигине кат жөнөтүлдү.

Тизмедеги окуу жайлар:

  • Ош аймактык медициналык коллежи,
  • К.Ш. Токтомаматов атындагы эл аралык медициналык коллежи,
  • «Авиценна билим» медициналык коллежи,
  • Н.И. Пирогов атындагы медициналык коллежи,
  • “Уникум” кыргыз медико-социалдык коллежи,
  • Ысык-Көл медико- стоматологиялык коллежи,
  • Кочкор-Ата аймактык коллежи,
  • ИСИТО медициналык коллежи,
  • “Дулдул тоо” Араван коллежи,
  • С. Тентишев атындагы АзМИ медициналык коллежи,
  • Медико-фармацевтикалык коллежи,
  • МУНИБ медициналык коллежи.

Буга чейин министрлик Кыргызстандагы медициналык жогорку окуу жайлардын материалдык-техникалык жана клиникалык базасын текшерип, алардын айрымдарынын лицензиясын жокко чыгаруу тууралуу Билим берүү министрлигине сунуш берген.

Кыргызстанда ушул тапта 23 жогорку окуу жай медициналык багыттарда адистерди даярдап жатат. Анын алтоо мамлекеттик. Он жети менчик жогорку окуу жайдын үчөөнүн лицензиясы бар, бирок студенттери жок. Мамлекеттик медициналык ЖОЖдордо 15 миң 308, менчик ЖОЖдордо 16 миң 478 чет элдик студент билим алууда. Медициналык окуу жайлардагы студенттердин 77% чет элдиктер түзөт.

Медициналык окуу жайлар иштөөгө лицензия алыш үчүн Саламаттык сактоо министрлигининен клиникалык базасы боюнча №6 форма алышы керек. Бул документ жок алардын ишине уруксат берилбейт.

Мындан мурдараак Бишкек шаарындагы бир катар ооруканалар текшерилип, айрымдарынын жетекчилери жумуштан алынган болчу. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG