Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:42

Медициналык окуу жайлардагы студенттердин 77% чет элдиктер түзөт


Индиядан келген студенттер. Ош шаары. Архив.
Индиядан келген студенттер. Ош шаары. Архив.

Билим берүү жана илим министрлиги ушул тапта Кыргызстанда 23 жогорку окуу жай медициналык багыттарда адистерди даярдап жатканын билдирди. Анын алтоо мамлекеттик. Он жети менчик жогорку окуу жайдын үчөөнүн лицензиясы бар, бирок студенттери жок.

Мамлекеттик медициналык ЖОЖдордо 23 миң 12, менчик окуу жайларда 16 миң 839 студент окуйт. Студенттердин 77 пайызы же 31 миң 786сы чет элдиктер.

Анын ичинен:

  • Индиянын жарандары – 14 456,
  • Казакстандын жарандары – 571,
  • Пакистандын жарандары – 9725,
  • Орусиянын жарандары – 668,
  • Тажикстандын жарандары – 357,
  • Өзбекстандын жарандары – 5174
  • башка жакынкы чет өлкөлөрдүн жарандары – 363,
  • башка алыскы чет өлкөлөрдүн жарандары – 472.

Мамлекеттик медициналык ЖОЖдордо 15 миң 308, менчик ЖОЖдордо 16 миң 478 чет элдик студент билим алууда.

2021-2022-окуу жылында медициналык адистиктер боюнча жалпысынан 39 миң 851 студент билим алса, анын ичинен 2708 гранттык, 37 миң 143 келишимдик негизде окуйт.

Саламаттык сактоо министрлигинде түзүлгөн атайын комиссия медициналык окуу жайлардын материалдык-техникалык жана клиникалык базасын текшерип, алардын 12си талапка жооп бербейт деген чечим чыгарган.

Буга чейин саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев өлкөдөгү талапка жооп бербеген медициналык окуу жайлардын лицензиясы алынарын билдирген.

Ал медициналык билим берүүчү жайлар 1-апрелге чейин профессордук-окутуучулар курамын жана клиникалык базасын талапка ылайык келтирбесе, лицензиясы алынарын эскерткен. Бейшеналиев жабылышы мүмкүн деген 17 медициналык окуу жайынын тизмесин жарыялаган болчу. (BTo)

XS
SM
MD
LG