Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:20

Уставдык капиталы 1 млрд. сомдук "Туризмди колдоо фонду" түзүлдү


Талас облусундагы "Манас ордо" комплекси.
Талас облусундагы "Манас ордо" комплекси.

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, "Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду" ачык акционердик коому түзүлүп, анын уставдык капиталы 1 млрд. сом деп белгиленди.

Тиешелүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Фонд ички туризмди өнүктүрүүгө багытталган демилгелерди ишке ашыруу менен алектенет.

Мындан тышкары фонд региондордо туристтерди кабыл алуу үчүн инфраструктураны жакшыртууга, алыскы аймактарда кошумча жумуш орундарын түзүүгө, калктын социалдык жактан аялуу катмарын, аялдарды окутуу программаларын, туристтик жайлардын базасында иш менен камсыз кылууга, калктын билим деңгээлин жана туризм тармагында көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатууга колдоо көрсөтөт.

Ошондой эле турлардын географиясын кеңейтүү, атаандаштыкка жөндөмдүү туристтик продукцияны түзүүгө, өлкөгө келген туристтердин санын көбөйтүүгө жана эл аралык аренада өлкөнүн аброюн көтөрүүгө өбөлгө түзөрү айтылды.

Акылбек Жапаров фонд түзүлөрү тууралуу 15-февралдагы маалымат жыйында билдирген. Анын жетекчилигине Елена Калашникова сунушталып жатканын айткан.

Коронавирус пандемиясынын айынан Кыргызстанда туризм тармагы көп жоготууга учурады. Туризм департаментинин маалыматына караганда, бул тармактагы жоготуулар өткөн жылы 80% жеткен. Тармактагы ишканалардын 15% жакыны жабылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG