Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:17

Казакбаев Кыргызстан орус-украин сүйлөшүүсүнө аянтча түзүүгө даяр экенин айтты


Руслан Казакбаев жана Валерий Жовтенко.
Руслан Казакбаев жана Валерий Жовтенко.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев 16-мартта Украинанын Кыргызстандагы элчиси Валерий Жовтенкону кабыл алды.

Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, анда Украинадагы кырдаал талкууланды.

Казакбаев Кыргызстан ар кандай чыр-чатакты саясий-дипломатиялык жол менен гана чечүүнү колдой турганын билдирди. Орусия менен Украинанын өкүлдөрүнүн ортосунда жүрүп жаткан сүйлөшүүлөрдү кубаттап, кыргыз тарап да аянтча түзүүгө жана зарыл болгон учурда жардам көрсөтүүгө даяр экенин кошумчалады.

“Кыргызстан БУУнун уставында жана башка документтерде белгиленген эл аралык укуктун жалпы таанылган нормаларын жана принциптерин сактоону, анын ичинде мамлекеттердин аймактык бүтүндүгүн жана чыр-чатактарды тынчтык жолу менен чечүүнүн бекем жактоочусу экендиги белгиленди”, - деп айтылат маалыматта.

Орусиянын президенти Владимир Путин “Донбасстагы калкты коргоо боюнча аскердик операция” деген негизде 24-февралда Украинада согуш баштаган. Ошондон бери Украинанын бир катар шаарлары аба соккуларына дуушар болуп, БУУнун маалыматы боюнча үч миллиондой жаран үй-жайын таштап кетүүгө аргасыз болду.

1-мартта Украина Кыргызстандагы элчисин кеңешүүгө чакыртып алган. Украин президенти Владимир Зеленский буга “Кыргызстан Орусиянын агрессиясын актаганы себеп болгонун” билдирген.

Президент Садыр Жапаров 26-февралда Путин менен телефондон сүйлөшкөн. Кыргыз президентинин сайты президенттер соңку кырдаалды талкуулаганын кабарлаган, орусиялык басылмалар Жапаров Путиндин Украинага каршы аракеттерин кубаттаганын жазышкан.

Валерий Жовтенко 11-мартта Кыргызстандын Украинадагы кырдаал боюнча позициясы туруктуу болуп баратканын, ал Бишкекте ишин улантып жатканын билдирген.

Садыр Жапаров 9-мартта парламентте Кыргызстан Орусия менен Украинанын ортосунда болуп жаткан окуяларда калыс позицияны карманарын жарыялаган. (BTo)

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG