Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:58

Сеид Атамбаев Акаевдин жоопко тартылбаганын сындады


Аскар Акаев.
Аскар Акаев.

Жогорку Кеңештин депутаты Сеид Атамбаев парламенттин 17-мартындагы сессиясында 20 жыл мурда болгон Аксы окуясына токтолуп, азыркы бийликти эки жүздүүлүк үчүн сындады. Ал ошондой эле Кой-Таш окуясы боюнча сотту создуктурбай жыйынтыктоого чакырды.

"17-март бизге унутулгус күн болду. Акаевдин режиминен алты киши көз жумуп, канчасы жараат алды. Ал (Акаев - ред.) келип ичип-жеп, каткырып күлүп качып кетти. Кичине эки жүздүүлүк болуп калды. Негизи Акаевди алып келип, эл алдында кечирим суратыш керек болчу. Атамбаев менен Ниязовго уялбай мөөнөт берип койдуңар. Бул саясат экенин түшүнүп жатам. Өч алып жатасыңар, мейли бизден, менден алгыла, тарапташтарымда эмне күнөө? Бул күндөр дагы өтөт. Ошондо эл бийликтен Акаевди эмнеге камаган жоксуңар, эмнеге кетирип жибердиңер деп сурайт", - деди Сеид Атамбаев.

2002-жылдын 17-мартында Аксыда бийликке каршы чыккан элге ок атылып, алты киши курман болгон. Бир нече киши жараат алган. Нааразы болгон эл мурдагы президент Аскар Акаевге импичмент жарыялоо боюнча демилге көтөргөндөн кийин камакка алынган депутат Азимбек Бекназаровду бошотуу жана Үзөңгү-Куушту Кытайга бербөө тууралуу талаптар менен чыгышкан.

Быйыл 2-августта Аскар Акаев 16 жылдан бери Кыргызстанга биринчи жолу келип, сурак берген. Кыргызстанды 1990-2005-жылдары башкарган Аскар Акаев 2005-жылы 24-марттагы элдик толкундоолордон кийин өлкөдөн чыгып кеткен. Ошондон бери Орусияда башкалкалап келет.

Мамлекет башчы Садыр Жапаров “Вечерний Бишкек” интернет басылмасына курган маегинде Кумтөр алтын кени жазга чейин Кыргызстанга өтөрүн билдирген. Жапаров бул маселеде Аскар Акаевдин берген көрсөтмөлөрүнүн пайдасы тийгенин айткан.

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 17-мартта Аксы окуясынын 20 жылдыгына байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылуу жолдоп, аксылыктар авторитардык жана коррупцияга чырмалган режимге каршы чечкиндүүлүк, каармандык менен күрөшкөнүн, өз кызыкчылыгынан эл кызыкчылыгын жогору койгонун айтты.

XS
SM
MD
LG