Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:05

"Ош электрдеги" коррупцияга шек саналып дагы эки адам кармалды


"Ош электр" ишканасындагы коррупция фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында эки кызматкер кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Расмий маалыматка караганда, "Ош электрдин" инспектору жана Өзгөн РЭСнин башкы инженери кармалып, убактылуу тергөө абагына киргизилген. Буга чейин ушул иштин алкагында ишкананын мурдагы жетекчиси жана Ноокат электр станциясынын мурдагы жетекчиси кармалган.

Башкы көзөмөл органдын маалыматына ылайык, "Ош электрдин" кызматкерлери 2016-2021-жылдар аралыгында 134 миллион 404 миң 877 сомдук дебитордук карызды мыйзамсыз эсептен чыгарып салган. Айрым учурларда энергокомпаниялардын кызматкерлери коррупциялык схемаларды колдонуп, жок абоненттерди карызы барлардын катарына кошуп, андан кийин карыздарын кечип жиберген учурлар аныкталган.

2021-жылдын декабрь айында Башкы прокуратура электр энергияга болгон карызды мыйзамсыз жоюу боюнча туруктуу коррупциялык схема аныкталганын жарыялаган.

"Түндүк электр", "Ошэлектр", "Жалалабадэлектро" жана "Чыгыш электр" ишканаларынын жооптуу кызматкерлери 2016-жылдан 2020-жылга чейин 897 миллион 288,5 миң сомдук карызды мыйзамсыз түрдө кечкен.

2021-жылдын октябрь айында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өлкөдөгү бардык энергетикалык компаниялардын карызы 133 млрд. сомду түзөрүн билдирген.

Буга чейин Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) "Ош электр" ишканасынын жооптуу адамдары мамлекеттик бюджетке 30 миллиондон ашык сом зыян келтирген деп шек саналып, сотко чейинки териштирүү башталганын билдирген.

Расмий кабарга ылайык, ишкананын жооптуу кызматкерлери Мамлекеттик мүлк фонду менен макулдашпай туруп, энергия сатуунун мурунку административдик имаратын жана ага жанаша жайгашкан жер тилкесин 8 миллион сомго (болжол менен 100 миң АКШ доллары) сатышканы аныкталды. Сатылган жерди жалпы аянты - 619,66 чарчы метр.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG