Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:28

Жапаров Аксы окуясы коомдук аң-сезимди өзгөрткөнүн айтты


17-март, 2022-жыл. Бишкек.
17-март, 2022-жыл. Бишкек.

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 17-мартта Аксы окуясынын 20 жылдыгына байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылуу жолдоду.

Мамлекет башчы 2002-жылдагы Аксы окуясы Кыргызстандын эгемен мезгилдеги тарыхында орчундуу орунду ээлеген, коомдук аң-сезимдин багытын белгилүү нукка бурган окуялардын бири экенине токтолгон.

Авторитардык жана коррупцияга чырмалган режимге каршы аксылыктар чечкиндүүлүк, каармандык менен күрөшкөнүн, өз кызыкчылыгынан эл кызыкчылыгын жогору койгонун айткан.

"Ошол учурда бийлик бутактарында карама-каршылык күчөп, реформалар үзүрүн бербей, жеке кызыкчылыктар үстөмдүк кылып турган. Эл өз түйшүгүн өзү тартып, аткаминерлер элден бир топ эле четтеп калган. Натыйжада мамлекеттеги абал курчуп, бийликтин бардык бутактарында Акаевдин үй-бүлөсүнүн жосунсуз жоруктары чектен ашкан. Социалдык-экономикалык абал оорлоп, саясий кырдаал кризиске кабылган. Аксы районунун тургундары эл байлыгын талоонго алууга, өлкөнүн улуттук байлыгын сатууга макул болбогон азаматтарды кысымга алган текебер бийликке жалтанбастан каршы чыгышкан", - деп жазылган президенттин кайрылуусунда.

Ушул эле күнү мамлекет башчы 2002-жылдагы Аксы окуясында курман болгондорду эскерди. Президент Бишкек шаарынын борбордук "Ала-Тоо" аянтындагы Аксы жана Апрель окуясында элдин эркиндиги үчүн курман болгондорго арналган монументке гүл койду. Ага Министрлер кабинетинин жана президенттин администрациясынын жетекчилери, Бишкек шаарынын мэри Эмил Абдыкадыров, Жогорку Кеңештин төрагасы катышты.

2002-жылдын 17-мартында Аксыда бийликке каршы чыккан элге ок атылып, алты киши курман болгон.

Нааразы болгон эл мурдагы президент Аскар Акаевге импичмент жарыялоо боюнча демилге көтөргөндөн кийин камакка алынган депутат Азимбек Бекназаровду бошотуу жана Үзөңгү-Куушту Кытайга бербөө тууралуу талаптар менен чыгышкан.

XS
SM
MD
LG