Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:33

Лавров Украинанын бейтараптык макамы талкууланганын жарыялады


Сергей Лавров, Орусиянын тышкы иштер министри.
Сергей Лавров, Орусиянын тышкы иштер министри.

Куралдуу жаңжалды жөнгө салуу боюнча эки тараптын сүйлөшүүлөрүндө Украинанын бейтараптык макамы талкууланып жатканын Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров РБКга курган маегинде билдирди.

Анын айтымында, ок атышууну токтотуу боюнча сүйлөшүүлөр жай жүрүп жатканы менен айрым жылыштар болду.

Министр Москванын Орусия Украинага кол сала электе койгон талаптарын кайталады. Алар - демилитаризация, орус тилинин расмий макамы жана “сөз эркиндиги” деген талаптар.

Лавров АКШны “орус-украин сүйлөшүүлөрүнүн ийгиликтүү өтүшүнө кызыкпайт” деп айыптады. Ал эми орус делегациясынын башчысы Владимир Мединский Киев Орусияга өзүнүн армиясы жана флоту бар бейтарап демилитаризацияланган мамлекеттин “австриялык” же “шведдик” вариантын сунуштап жатканын билдирди. Анын айтымында, бул маселе эки өлкөнүн коргоо министрликтеринин деңгээлинде талкууланууда.

Мединский белгилегендей, аннексияланган Крымдын жана Донбасстагы эки жикчил республикалардын макамын таануу, ошондой эле орус тилинин макамы Орусиянын негизги шарты бойдон калууда.

Украиналык делегациянын өкүлү Михаил Подоляк Мединскийдин бейтараптуулуктун “австриялык” же “шведдик” версиясы тууралуу айтканына комментарий берип жатып, Украина азыр Орусия менен түз согушуп жатканын, ошондуктан мүмкүн болгон бейтараптыктын модели “украиналык” гана болушу мүмкүн экенин айтты.

Подоляк Орусия коопсуздуктун мыйзамдуу түрдө тастыкталган кепилдиктерин бериши керек экенин билдирди.

Бейтараптык макамы эл аралык укук боюнча кайсы бир мамлекеттин аскердик жаңжалдарга, согушка аралашпоосун, аскердик-саясий союздарга же блокторго кошулбоосун камсыздоо кепилдиги болуп саналат.

XS
SM
MD
LG