Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:29

Улуттук банк: Western Union Орусиядан акча которууларды токтотту


Кыргызстандын Улуттук банкы Western Union акча которуу системасы 24-марттан тартып Орусия жана Беларуста ишин токтоторун билдирди. Буга байланыштуу коммерциялык эмес "Вестерн Юнион Восток" жоопкерчилиги чектелген коомунан билдирүү келип түшкөн. Маалыматка караганда, Орусия жана Беларустан которулган акча алуучуларга 24-мартка чейин берилет.

Ошол эле кезде Western Union системасы аркылуу Кыргызстандан башка өлкөлөргө (Орусия менен Белорустан тышкары) акча которуу иштей берет.

"Вестерн Юнион Восток" мындан ары да Кыргызстандын өнөктөштөрү, коммерциялык банктар менен түзүлгөн келишимдер боюнча бардык милдеттенмелерин аткарат.

Акча которуу үчүн "Юнистрим", "Золотая Корона" жана CONTACT системаларын колдонууга болот.

Улуттук банктын маалыматына караганда, 2021-жылда чет өлкөдө иштеп жүргөн мекендештер Кыргызстанга 2,7 млрд. доллардан ашуун каражат которгон. Бул мурдагы жылга салыштырмалуу 16% көп. Акча которуулардын 97% Орусияга туура келет.

24-февралда Украинанын аймагына басып киргени үчүн Орусияга бир катар өлкөлөр катаал санкцияларды салды. Мындан улам бир катар чет өлкөлүк компаниялар Орусиядагы ишмердүүлүгүн убактылуу токтотууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG