Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:53

Зеленский АКШ Конгрессинде сөз сүйлөйт


Украинанын президенти Владимир Зеленский. Киев
Украинанын президенти Владимир Зеленский. Киев

Украина президенти Владимир Зеленский АКШнын Конгрессинде 16-мартта видео байланыш аркылуу сөз сүйлөй турганын Телеграмдагы расмий каналында ырастады.

Ал АКШнын конгрессмендерин Украинанын аба мейкиндигинен учууга тыюу салуу тууралуу чечим кабыл алууга чакырары күтүлүп жатат.

Мындан тышкары Польшанын арсеналындагы советтик өндүрүштөн чыккан МиГ-29 үлгүсүндөгү аскер учактарын сурайт.

Киевдин ырасташынча, аскердик учактар Украинанын шаарлары менен калктуу конуштарын бутага алган Орусиянын аба соккуларынын мизин кайтарууга мүмкүндүк берет.

Шаршембиде АКШ президенти Жо Байден дагы калкка кайрылуу жасайт. Ал Украинага берилчү кошумча 800 миллион доллар аскердик жардам тууралуу жарыялай турганы күтүлүүдө.

АКШ Украинага Javelin танкка каршы ракеталык комплекстерин жана Стингер зениттик-ракеталык комплекстерин көбөйтө турганы маалымдалган.

Президент Байдендин жакын чөйрөсүнөн алынган маалыматтарга караганда, Ак үй Украинанын үстүнөн учууга тыюу салуу жана Польшанын учактарын Украинага берүү маселесине даяр эмес.

Бир нече күн мурун Ак үй Польшанын МиГ-29 учактарын Украинага берүү сунушун четке каккан. Варшава буга чейин советтик үлгүдөгү учактарын Украинага өткөрүп берүү үчүн АКШнын Германиядагы базаларына жеткирүүгө даяр экенин билдирген.

Польша анын ордуна Вашингтондон америкалык F-16 учактарын алгысы келген.

Бирок АКШ бул жагдай НАТО менен Орусиянын ортосунда түз жаңжалга себеп болушу мүмкүн деген негизде андай коркунучтун алдын алуу үчүн бул кадамга бара албай турганын түшүндүргөн.

Ошол эле учурда АКШ Конгрессинде Киевге аскердик учактарды берүүнү жактаган маанай да бар экени кабарланды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG