Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:02

Орусия Киев менен Мариуполго чабуулун күчөттү


Орусиялык ракеталар түшкөн Мариупол шаары.
Орусиялык ракеталар түшкөн Мариупол шаары.

Орусия Киевди бомбалоону күчөтүп, Мариупол портуна жаңы чабуулдарды баштаганын Украинанын куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы кабарлады.

Айыгышкан салгылаштар украин-орус жаңжалын жөнгө салуу боюнча тынчтык сүйлөшүүлөрү өтүп жаткан учурга туура келди.

Орусиянын аскердик күчтөрү Киевдин түндүк-батыш жана батыш аймактарына чабуулдарын күчөткөнүн 16-мартта Киев облусунун башчысы Алексей Кулеба да билдирди.

"Алар борборду транспорттук артериядан ажыратып, логистикалык мүмкүнчүлүктөрүн жок кылууга аракет кылып жатышат. Киевди басып алуу үчүн кол салуу",- деди Кулеба.

Ал Орусиянын аскерлери Киевден 80 чакырым түндүктөгү Иванков шаарын оккупациялап, Беларус менен чектеш аймакты көзөмөлдөп турганын айтты.

Украинанын өзгөчө кырдаалдар кызматынын маалыматына ылайык, снаряддардын сыныктары Киевдин борборундагы 12 кабаттуу турак үйдүн үстүңкү кабатын талкалап кеткен. Коңшу имарат дагы жабыркаган. Агенттик эки жабырлануучу тууралуу кабарлады, бирок чоо-жайын айткан жок.

Борборду бомбалоодон шаардагы көп кабаттуу үйлөр, метро станциялары жана башка социалдык жана жарандык объектилер талкаланганы кабарланды.

Орус аскерлери Киевден 25 чакырымдай алыстыктан сокку уруп жатканы айтылууда.

Киевдин өзүндө 16-мартта 35 сааттык коменданттык саат сакталды. Шаар мэри Виталий Кличко бир күн мурун коменданттык саат жарыялап, орус аскерлери соккуларды күчөтүп, борбор калаага жакындап калганда, "шаар кооптуу учурга" туш болорун эскертти.

Мариуполдо жана башка шаарларда, анын ичинде Харьков менен Николаевде да айыгышкан салгылашуулар уланып жатканы айтылды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG