Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:38

Белгилүү хирург Акрамовду коргоо штабы түзүлдү


Эрнст Акрамов.
Эрнст Акрамов.

Бир катар коомдук ишмерлер, илимпоздор, дарыгерлер жана искусство өкүлдөрү окумуштуу-хирург, медицина илимдеринин доктору Эрнст Акрамовдун ар-намысын коргоо штабын түзүштү.

Анын башчылыгына Конституциялык соттун мурдагы төрайымы Чолпон Баекова дайындалды. Штабдын өкүлдөрү Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго, анын орун басары Эдил Байсаловго кайрылуу жолдоп, Акрамов тууралуу айткан сөзү үчүн саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди жоопко тартууну талап кылышты.

15-мартта жарандык активисттер, журналисттер жана дарыгерлер окумуштуу-хирург, медицина илимдеринин доктору Эрнст Акрамов жетектеген Чүй облустук ооруканасындагы калыбына келтирүүчү хирургия илимий институтунун жабылышына нааразылыгын билдирип чыгышкан.

Бейшеналиев 14-мартта Эрнст Акрамов жетектеген Чүй облустук ооруканасындагы калыбына келтирүүчү хирургия илимий институту жабылганын билдирген.

Аны жетектеп келген 85 жаштагы Акрамов кызматтан алынганын, мекемеге жаңы башкы дарыгер дайындалганын кошумчалаган. 15-мартта Улуттук госпиталда травматология бөлүмүн ачып жатып, Акрамовду сындап, ал ооруканага атын берүүгө татыктуу эмес экенин айткан.

Эрнст Акрамов министр менен жеке тааныш эмес экенин, мурда аны менен иштешпегенин айтууда.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Акрамов менен сүйлөшкөнүн, ал үчүн тынчсызданууга негиз жок экенин Твиттердеги баракчасына жазды.

Эрнст Акрамов Кыргыз Республикасынын Баатыры, белгилүү хирург, медицина илиминин доктору, профессор. Эл аралык бир катар сыйлыктарды алган. 1989-1992-жылдары СССРдин эл депутаты болгон. 2000-жылы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланып, бирок мандатынан баш тарткан.

2002-жылдан тартып, Саламаттык сактоо министрлигинин реконструкция-калыбына келтирүү хирургиясы илимий борборунун директору болуп эмгектенген. Кыргыз-орус славян университетинин госпиталдык хирургия кафедрасынын профессору. 2007-жылы Жогорку Кеңештин 4-чакырылышына депутат болгон.

XS
SM
MD
LG