Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:52

Парламент Исфана шаарына Раззаковдун ысымын берүү сунушун колдоду


Исхак Раззаков
Исхак Раззаков

Жогорку Кеңеш 16-марттагы жыйынында Баткен облусунун Исфана шаарына Исхак Раззаковдун атын ыйгаруу тууралуу мыйзам долбоорун дароо үч окууда кабыл алды. Документте Исфананын аталышын Раззаков шаары деп өзгөртүү маселеси камтылган.

Ушул эле күнү тармактык комитет маселени жабык карап, колдогон.

Исфанага мамлекеттик ишмер Исхак Раззаковдун ысымы бериле турганын президент Садыр Жапаров былтыр 25-декабрда Министрлер кабинетинин жыл жыйынтыгына арналган отурумунда сүйлөп жатып билдирген. Ушул эле күнү "Исфана шаарын кайра атоо жөнүндө” жарлыкка кол койгон.

Исфана шаары - Баткен облусундагы Лейлек районунун борбору. Үч тарабынан Тажикстан менен чектешет. 2009-жылдагы эл каттоонун жыйынтыгына ылайык шаарда 30 миңге жакын эл жашайт.

Белгилүү мамлекеттик ишмер, Кыргыз Республикасынын Баатыры Исхак Раззаков 1910-жылы 25-октябрда Лейлек районунда туулган. Он жыл Кыргызстандын Компартиясын, бир топ жыл Министрлер кабинетин жетектеген. 1961-жылы кызматынан бошотулуп Москвага которулган. Ошол жерде иштеп, эс алууга чыгып, 1979-жылы каза болгон. Ал жетектеген убакта Кыргызстанда өнөр жай өндүрүшү жанданган.

Раззаковдун 110 жылдыгына арналган мамлекеттик иш-чара былтыр 25-октябрда Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияда өткөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG