Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:04

Бишкекте "Азаттык" тарткан тасма көрсөтүлүүдө


"Суусамыр: - 40 градустагы жашоо" тасмасын көрсөтүү учуру.
"Суусамыр: - 40 градустагы жашоо" тасмасын көрсөтүү учуру.

“Бир Дүйнө-Кыргызстан” укук коргоо кыймылы, Кыргызстан кинематографисттер союзу жана Транспорт, автоунаа жолдор кесиптик бирлигинин Борбордук комитети "Азаттык" радиосунун журналисти Айгерим Акылбекова жана Бексултан Абубакир уулу тарткан “Суусамыр:- 40С градустагы жашоо” деген даректүү тасмасын көрсөтүүдө.

Даректүү тасма Бишкектеги Чыңгыз Айтматов атындагы кино үйүндө көрсөтүлдү. Ага «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын директору Венера Жуматаева, укук коргоочулар, студенттер катышууда.

Иш-чара "Бир Дүйнө-Кыргызстан" эл аралык фестивалынын алкагында уюштурулган.

2022-жылы аталган фестиваль “Климат жана каатчылыктар: жарандардын фундаменталдык укуктарына байланышкан кырдаал, Туруктуу өнүгүү максаттарынын альтернативалары” темасына арналат. Фестиваль быйыл 10-20-ноябрь аралыгында болуп, ага келген тасмалар көрсөтүлөт. Саамалык быйыл 16-жолу өтөт.

“Азаттыктын” “Суусамыр: -40 градустагы жашоо” деп аталган тасмасы былтыр 8-декабрда фестивалда көрсөтүлгөн.

Анда деңиз деңгээлинен 3400 метр бийиктикте жайгашкан Төө-Ашуудагы №9 жол тейлөө ишканасында 40 градус суукта эмгектенген жолчулардын жашоосу көрсөтүлөт. Жумушчулардын көбү кышкысын жол кооптуу кезде апталап үй бетин көрбөй, атайын жатаканада түнөшөт. Сөөк какшаткан суукта жол азабын тарткан айдоочулар, жол жээктеп соодасын кылган ишкерлердин жашоосу баяндалган.

XS
SM
MD
LG