Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:54

Зеленский: Украина менен Орусиянын позициялары реалдуулукка өттү


Владимир Зеленский, Украинанын президенти.
Владимир Зеленский, Украинанын президенти.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Украина менен Орусиянын куралдуу жаңжалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдөгү позициялары «реалдуураак» болуп калганын айтты.

"Бирок чечимдер Украинанын кызыкчылыгына жооп бериши үчүн дагы эле убакыт керек", - деди Зеленский Телеграммадагы видео кайрылуусунда.

Орусия менен Украинанын делегациялары буга чейин сүйлөшүүлөрдүн төрт айлампасын өткөрүштү. Соңку сүйлөшүүлөр видео форматта болду.

Буга чейин украин жана орус делегацияларынын өкүлдөрү сүйлөшүүлөрдө кандайдыр бир жылыштар бар экенин айтып, бирок кеңири маалымат беришкен эмес. Киев Москванын Украинаны демилитаризациялоо, Крымдын аннексиясын жана өзүн «ДЭР» менен «ЛЭР» атап алган аймактардын көз карандысыздыгын таануу талаптарын бир нече жолу четке каккан.

Ошол эле маалда Киев Украинанын коопсуздугуна Орусиядан жетиштүү кепилдик алса, анда ал НАТОго кирүү планынан баш тартышы мүмкүн экенин ачык айтты.

Президент Владимир Зеленский Москва менен Киевдин тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн алкагында президент Владимир Путин менен жолугушууну көздөп жатканын айтты. Кремл буга чейин мындай жолугушуу “концепциялык жактан” мүмкүн экенин ишарат кылган.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Москва менен Киевдин сүйлөшүүлөрү Украинанын бейтарап макамын камсыздоого багытталганын белгилеп, «анын аймагынан Орусияга эч качан коркунуч келбеши керек» деген

Украинанын президенттик кеңсесинин кеңешчиси Михайло Подоляк сүйлөшүүлөр 16-мартта кайрадан улана турганын 15-мартын кечинде билдирди.

Бул "өтө татаал жана оор сүйлөшүүлөр жараяны. Бул жерде принципиалдуу карама-каршылыктар бар. Бирок, албетте, мунаса табуу да мүмкүн", - деп жазды ал Твиттердеги баракчасына.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG