Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:30

Аба ырайы: жаан жаайт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 17-мартта Чүй, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 9…14;

Талас жергесинде түнкүсүн 0…5, күндүз 7…12;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 5…10, күндүз 17…22;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…5, күндүз 7…12;

Нарын облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз 6…11;

Бийик тоолордо түнкүсүн -2…-7, күндүз -1…+4 градус.

Бишкекте мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 3…5°, күндүзгү жогорку температурасы 11…13° болот.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG