Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:54

Тогуз акча алмаштыруучу жайдын лицензиясы убактылуу токтотулду


Бишкектеги акча алмаштыруучу жайлардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.
Бишкектеги акча алмаштыруучу жайлардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.

АКШ долларынын курсуна байланыштуу кырдаалдан улам мыйзамдын талаптарын бузганы үчүн Улуттук банк Бишкекте тогуз акча алмаштыруучу жайдын лицензиясын убактылуу токтотту.

“Ариет финанс”, “Ордо Финанс Плюс”, “Нурислам Лтд” жана “Азамат финанс” 16-марттан 30-мартка чейин ишин токтотот. Ал эми “АЯТ НУР”, “Рашидик”, “Исхак жана Исаак”, “Интегро Ко” жана “Баймак Финанс” акча алмаштыруучу бюролор 16-марттан 25-мартка чейин убактылуу иштебей турат.

Орусия 24-февралда Украинага басып киргенден кийин Европа өлкөлөрү жана АКШ Орусияга бир катар экономикалык санкцияларды салып рублдин куну түшүп, доллардын баасы өстү. Анын таасири Кыргызстанга да тийип акыркы жылдары 85 сомдун тегерегинде кармалып турган доллар февралдын аягында дароо 10 сомго кымбаттап, 95 сомго чыккан.

Ушул күндөрү бир АКШ доллары коммерциялык банктар менен акча алмаштыруучу жайларда 103-106 сомго бааланып жатат. Улуттук банк расмий курсту 105 сом деп белгиледи.

Улуттук банк 11-мартта долларды Кыргызстандан сыртка алып чыгууга убактылуу тыюу салган. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG