Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:36

ИИМ Баткенде ири көлөмдө апийим табылганын билдирди


Табылган апийим.
Табылган апийим.

Кыргызстанда баңгизаттарды ири көлөмдө, оор түрлөрүн сатуу менен алектенген туруктуу топ аныкталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы билдирди.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо” беренеси менен иликтөө жүрүп жатат.

Анын алкагында 25-февралда Баткен облусунун Лейлек районунунда бир адам кармалып, (К. уулу Э.) баштыгынан эки таңгак табылган. Алынган заттар соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, салмагы 2 кг 16 гр. апийим баңгизаты экени аныкталган. Бул кылмышка аралашкан деген шек менен дагы бир (К.К.) киши кармалды.

Ушул тапта Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери бул кылмышка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча иликтөө иштерин жүргүзүүдө. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG