Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июнь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:38

Казак президенти парламентти күчөтүүнү сунуштады


Казакстандын кош палатасынын биргелешкен жыйыны. 16-март, 2022-жыл.
Казакстандын кош палатасынын биргелешкен жыйыны. 16-март, 2022-жыл.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев саясий реформа тууралуу калкка кайрылуусунда башкаруунун супер президенттик формасынан “күчтүү парламенти бар президенттик республикага” өтүүгө чакырды.

"Бүгүнкү күндө биздин өлкөдө бардыгы президентке байланган. Бул туура эмес. Биз мындай тажрыйбадан акырындап кетишибиз керек. Мага мамлекеттин узак мөөнөттүү кызыкчылыктары бийликтин кошумча кыймылдаткычтарын алганга караганда маанилүү”, - деди президент Токаев 16-мартта парламенттин эки палатасынын биргелешкен жыйынында сүйлөп жатып.

Президент парламенттин жогорку палатасы - Сенатты мыйзамга өзгөртүү киргизүү укугунан ажыратып, ага мыйзам долбоорлорун четке кагуу же бекитүү укугун гана калтырып, парламенттин төмөнкү палатасы - Мажилистин ролун “күчөтүүнү” сунуштады.

Сенаттагы президенттик квотаны 15 депутаттан 10го чейин кыскартуу чечимине келгенин айтты.

Ошондой эле Мажилисте Казакстан элинин ассамблеясынын (КАС) квотасын жоюуну жана ал мандаттарды Сенатка өткөрүп берүүнү жактады.

"Парламенттин төмөнкү палатасы эч кимге жасалма артыкчылык бербестен өлкөнүн бүтүндөй шайлоо ландшафтын чагылдырышы керек", - деди Токаев.

Ал президент бийликте турган убакта партияга мүчө болбошу керек талапты мыйзамдаштырууну сунуштады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG