Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Сентябрь, 2023-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:41

COVID-19: Бир бейтап каза болуп, вирус 13 кишиден жаңы аныкталды


Иллюстрациялык сүрөт.

Саламаттык сактоо министрлиги соңку бир суткада Кыргызстанда коронавирус дагы 13 адамдан аныкталганын билдирди. Алардын эң көбү Бишкекте – он киши. Чүйдө эки, Ош облусунда бир адамдан табылган. Калган аймакта жаңы учурлар катталган жок.

Вирустан дагы бир бейтап каза болду. Ушуну менен өлкөдө пандемия башталгандан бери расмий эсепте COVID-19 жуккандардын саны 200 миңден ашты, 2976 адам каза болуп, 196 миңге жакыны сакайып чыкты.

Ушул күндөрү 109 бейтап ооруканада, 122 адам үйүндө дарыланууда.

12-марттан тартып Кыргызстанда коомдук жайларда сөзсүз беткап тагынуу талабы дээрлик жоюлду. Мындай талап медицина мекемелеринен жана коомдук транспорттон башка жерлерде эми коюлбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG