Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:06

Жо Байден Путинди "аскердик кылмышкер" деп атады


Жо Байден.
Жо Байден.

Шаршемби күнү АКШ президенти Жо Байден журналисттердин суроосуна жооп берип жатып Орусиянын президенти Владимир Путинди "аскердик кылмышкер" деп эсептей турганын айтты.

Reuters агенттигинин маалыматына караганда, Байден мындай риториканы алгач орус аскерлеринин Украинага басып киришинин негизинде Путинге каршы колдонгон.

Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков буга жооп катары "дүйнө жүзү боюнча жүз миңдеген адамдардын өмүрүн алган мамлекеттин башчысынын мындай риторикасы кабыл алынгыс жана кечирилгис" деп атады.

Өткөн жылы Байден Путинди "канкор" деп эсептейсизби деген суроого "ооба" деп жооп берген. Орусиянын президенти бул тууралуу комментарий берип жатып, СССРдин убагындагы балдардын “ким эмне деп атаса, ошол өзү ошондой" деген сөзүн мисал келтирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG