Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Январь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:06

Муфтият ар бир облус, райондо борбордук диний окуу жай ачыларын билдирди


Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы ар бир облуста борбордук жогорку диний окуу жай түзүлөрүн, бул мекемелер ошол аймактагы медреселер үчүн окуу-методикалык жана координациялык борбор катары кызмат кыларын билдирди. Мындай чечим муфтияттын 31-декабрдагы жыйынында белгилүү болду.

Чукул жыйын президент Садыр Жапаровдун Элдик курултайда диний окуу жайларды бирдиктүү стандарттарга киргизүү жана аларды борборлоштуруу боюнча берген тапшырмаларын аткарууга байланыштуу өткөн.

Мындан тышкары ар бир райондо борбордук орто диний окуу жай ачылып, ошол райондогу медреселерге окуу-методикалык жардам көрсөтөт.

Ошондой эле аймактагы бардык диний окуу жайлар билим берүүнүн бирдиктүү стандарты боюнча окутууга өткөрүлөт.

Расмий маалымат боюнча Кыргызстанда 2,6 миңдей мечит, 100дөй медресе, бир ислам университети, 10дон ашуун ислам институту бар.

Шерине

 

XS
SM
MD
LG