Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:26

Кыргызстанда доллар салыштырмалуу арзандады


10-март, 2022-ж. Бишкек.
10-март, 2022-ж. Бишкек.

Кыргызстанда доллардын курсу салыштырмалуу арзандады. Коммерциялык банктарда доллар 98-101 сомго, евро 108-111 сомго сатылууда. Рубль 0.89-1,1 болууда.

Улуттук банктын расмий сайтында доллардын курсу 104,96 - 105 сом, евро 115,35 сом, рубль 91-92 сом деп көрсөтүлгөн.

Кыргызстандын Улуттук банкынын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев апта башында “Орус рублинин кыргыз сомуна карата расмий курсун аныктоо тартибин убактылуу өзгөртүү жөнүндө” токтомго кол койгон.

Ага ылайык, сом менен рублдин курсу мындан ары кросс-курс ыкмасында аныкталары кабарланган. Бир валюта менен экинчи валютанын катышы үчүнчү валютанын негизинде чечилген ыкма кросс-курс деп аталат. Улуттук банк рубль менен доллардын курсун мындан ары “Блумберг” маалымат агенттигинен жана “Рейтерс” маалымат агенттигинен гана ала турган болду.

Улуттук банктын 2013-жылы кабыл алынган токтомунун 22-пунктунда сом менен рублдин курсу Москва банктар аралык валюталык биржасындагы баалардын негизинде аныкталары көрсөтүлгөн. Жаңы токтомдо бул пункт убактылуу күчүн жоготту.

Москва Украинага кол салгандан кийин АКШ жана Европа Биримдиги Орусиянын Борбордук банкына санкция салган. Натыйжада ал мекеме эл аралык резервиндеги 640 млрд. доллардай акчасынын көпчүлүк бөлүгүн иштете албай калды. Бул жана башка чаралар орус рублинин кунун кескин жоготту.

Анын таасири Кыргызстанга да тийип акыркы жылдары 85 сомдун тегерегинде кармалып турган доллар кескин кымбаттаган. Улуттук банк мындан улам 11-мартта долларды Кыргызстандан сыртка алып чыгууга убактылуу тыюу салган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG