Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:13

Үч облуста "Ишкер Айымдар - Айылдан ааламга!" аттуу форуму өттү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында жергиликтүү ишкер аялдардын "Ишкер Айымдар - Айылдан ааламга!" деген аталыштагы форуму өттү.

Анда мамлекеттик органдардын жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү 2022-2026-жылдаргы аялдардын ишкердигин колдоо жана өнүктүрүү программасы тууралуу айтып беришти. Аны ишке ашыруунун кадамдары жана мамлекеттин колдоосу тууралуу маалымат берилди.

Иш-чаранын негизги максаты - үч аймактагы ишкер айымдарга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жана идеяларды берүү. Форумга жалпы 350дөн ашык айым катышты. Алар консультациялык жолугушуулардын алкагында, бизнес баштоодо же өнүктүрүүдө пайда болгон тоскоолдуктарды жана көйгөйлөрдү аныкташты.

Форумдун өнөктөштөрү жана чакырылган эксперттер туризмди өнүктүрүү, финансылык сабаттуулук, бизнести өнүктүрүү боюнча өз тажрыйбалары менен бөлүшүп, билим берүүнүн маанилүүлүгү тууралуу айтып беришти.

Форумду Борбор Азиядагы аялдардын ишкердигин өнүктүрүү жана гендердик зомбулукту азайтуу Коалициясынын мүчөсү болгон "Курак" аялдар форуму уюштурду. "Курак" аймактагы айымдарды ишкердик менен алектенүүгө шыктандырууга жана түрткү берүүгө умтулат.

Изилдөөлөр көрсөткөндөй, аял ишкер эркектерге караганда 15% көбүрөөк киреше табат, чыгымы азыраак болот, алардын 80% “жашыл технологияларга” көбүрөөк басым жасап иштейт, кирешеге караганда туруктуулукка көбүрөөк көңүл бурушат.

Расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда ишкерлердин 30% аялдар түзөт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG