Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:50

Кыргыз-азери стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө декларациясына кол коюлат


Садыр Жапаров менен Илхам Алиев. 20-апрель, Баку.
Садыр Жапаров менен Илхам Алиев. 20-апрель, Баку.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 20-апрелде Баку шаарындагы расмий сапарынын алкагында Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен бетме-бет (тет-а-тет), андан кийин кеңейтилген форматта сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Эки өлкөнүн лидерлери эки тараптуу кызматташтыкты, анын ичинде соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана инвестициялык тармактардагы өз ара алаканы талкуулаганын Кыргызстандын президентинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, Илхам Алиев Азербайжан тарап кызматташуунун бардык багыттары боюнча жигердүү кызматташууга умтуларын белгилеген. Ал экономикалык кызматташуу, соода жүгүртүүнү жогорулатуу жана аймактык коопсуздук маселелери боюнча пикир алмашуу болуп, көптөгөн документтерге, анын ичинде Стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө декларацияга кол коюларын айтты.

Президент Жапаров Кыргызстан менен Азербайжандын ортосунда терең тарыхый жана руханий байланыштарга негизделген жакшы мамилелер түзүлгөнүн белгиледи. Ал боордош Азербайжан менен эки тарапты кызыктырган бардык тармактарда кызматташууну тереңдетүүгө даяр экенин кошумчалады.

Жапаров расмий сапары менен Азербайжандын борбору Баку шаарына 19-апрелде барган.

Президенттин басма сөз кызматы маалымдагандай, эки күндүк сапар алкагында Азербайжандын Милли Межилисинин төрайымы Сагиба Гафарова менен эки тараптуу жолугушуу да пландалган.

Мындан тышкары азербайжандык ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү менен жолугушуп, Кыргызстан жана соода-инвестициялык чөйрөдөгү кызматташтыктын келечеги тууралуу маалымат берилет.

Сапар Кыргызстан менен Азербайжан ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгынын, мамлекеттер ортосундагы достук жана кызматташтык келишимине кол коюлгандыгынын 25 жылдыгына туш келүүдө. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG