Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:22

Бишкек-Баку кызматташтыгы: арзан мунай алуунун айласы


Президент Садыр Жапаров расмий сапары менен Баку шаарына келди. 19-апрель, 2022-жыл.
Президент Садыр Жапаров расмий сапары менен Баку шаарына келди. 19-апрель, 2022-жыл.

Президент Садыр Жапаровдун Азербайжанга расмий сапары башталды. Расмий Бишкек кыргыз-азери мамилесин чыңдап, алака-катышты күчөтүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Жолугушууда Стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө декларация кабыл алынып, мамлекет башчыларынын Кеңешин түзүү меморандуму жана өкмөт аралык макулдашуулар сыяктуу маанилүү документтерге кол коюлары күтүлүүдө.

Расмий сапардагы күтүлгөн макулдашуулар

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров президент Илхам Алиевдин чакыруусу боюнча расмий сапар менен Азербайжанга барды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Садыр Жапаров Илхам Алиев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, кызматташтыкты чыңдоону талкуулай турганы айтылды. Бул президенттин атайылап, түз чакырылган алгачкы чет элдик расмий сапары.

Бишкек Баку менен соода-инвестициялык алаканы жаңы деңгээлге чыгарып, жогорку деңгээлге көтөрүүгө кызыкдар экени белгиленди.

Кыргызстандын экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев алдыда абдан маанилүү долбоорлор боюнча документтерге кол коюлары күтүлүп жатканын билдирди:

“Кыргыз-азербайжан инвестициялык фондун түзүү боюнча сунуш бар. Бул фонддун көлөмү 1 млрд. АКШ долларын түзүшү мүмкүн. Мындан сырткары бир нече инвестициялык долбоорлор каралат. Эки тараптан кыргыз-азери соода үйлөрүн куруу боюнча келишимге кол коюлат. Ошондой эле эки мамлекеттин монополияга каршы күрөшүү комитеттеринин ортосунда кызматташуу тууралуу келишим түзүлөт. Анан кызматташтыктын алкагында Азербайжандан Кыргызстанга мунай чийки затын ташуу маселеси дагы күн тартибинде бар. Ал эми калган инвестициялык долбоорлор азыр иштелип чыгуунун үстүндө”.

Тоскоолдуктар тоому: курулбай калган мунай заводу

Эки өлкө ортосунда саясий-дипломатиялык мамиле болгону менен терең экономикалык кызматташтык жөнгө салына электиги белгилүү.

Мунай менен газга бай Азербайжан Кыргызстан үчүн кара май рыногуна атаандаштык түзүп, диверсификациялоодо маанилүү өлкө катары каралат. Өлкө азыр мунайзат импорту боюнча Орусиядан көз каранды.

Күйүүчү-майлоочу майды Орусиядан башка жактардан дагы сатып алууну камсыздоо үчүн 2012-жылы Кыргызстан Азербайжан менен жылына 2 млн. тонна мунайды кайра иштетүүчү биргелешкен завод курууну макулдашып, бирок кийин ал ишке ашпай калган. Ал эми Кыргызстандын күйүүчү-майлоочу майга болгон жылдык керектөөсү 1 млн. тоннага барабар. Ашыкча иштетилген мунайзатын Ооганстан менен Тажикстан сыяктуу үчүнчү өлкөлөргө сатуу жагы макулдашылган.

Бул долбоорду Азербайжандын Мамлекеттик мунай компаниясы (SOCAR) ишке ашырып, биргелешкен заводду куруу чыгымын өзүнө ала турган болгон.

Ошол кездеги вице-премьер-министр Аалы Карашев демилге кантип ишке ашпай калганын эске салды:

“Ошол кезде Азербайжан “Кыргызстанда керек болсо 2 млн. тоннадан ашуун мунайды кайра иштете турган завод куруп беребиз” деген. Биз азербайжандык инвесторго жер бөлүп берүүнү дагы чече турган болгонбуз. Бирок ал жактан чийки затты ташып келүү чыгымдарын эсептесек, кымбат болуп чыккан. Анткени, мунайды бул жакка алып келүү маселеси турду. Мына ошол кезде биз Казакстан менен сүйлөшүүнү туура көрдүк. Ага ылайык, Каспий аркылуу мунай экспорттогон Казакстан Азербайжандан мунай алып, анын эсебинен Чымкент жактан бизге мунай берсе, логистика маселеси чечилет эле. Бул боюнча ошол кезде биздин президент Казакстандын жетекчилигине бул боюнча кайрылып, бирок ал жактан бизге мунай берүүдөн баш тартып коюшкан”.

Мындан сырткары бул демилгеге кезинде Орусия да тымызын бут тоскону айтылган эле. Анткени, күйүүчү май ташыган “Газпром нефть Азия” жана "Роснефть" сыяктуу орусиялык компаниялар Кыргызстандын мунай рыногун ээлеп, үзгүлтүксүз камсыздоо үчүн катаал шарттарын койгон. Анын бири эгерде кыргыз өкмөтү кара май рыногуна башка тараптардан киргизсе, анда келишимдер бузулары көрсөтүлгөн.

Орусия күйүүчү майды басым көрсөтүү аспабы катары колдонуп, эки тараптуу мамиле татаалдашканда экспорттук пошлина киргизген учуру болгон.

Ошол эле кезде аталган орусиялык компаниялар Кыргызстанга күйүүчү-майлоочу май гана сатып, кайра иштетүүгө чийки зат берүүдөн баш тартып келген.

Кошуналар дагы кош көңүл

Кыргызстан менен Азербайжандын соода жүгүртүүсү 100 млн. доллардын айланасында. Буга чейин соода-инвестициялык кызматташтыкты күчөтүү демилгеси улам көтөрүлүп, бирок натыйжа болбой келген.

Бишкек Бакудан мунайзаттарын алып, ага жеңил-өнөр жай товарлары менен айыл чарба азыктарын сатууну көздөйт.

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Сайдулла Нышанов демилге келечектүү болгон менен геосаясий жана геоэкономикалык жактан тоскоолдук да жогору экенин белгиледи:

“Маселе бул жерде Азербайжан тарапта эмес. Маселе биздин коңшу мамлекеттерде. Алар бизге буга жол бербей жатат. Негизи, күйүүчү майды Азербайжандан ташысак болот. Бирок биздин кошуналар транзит бербей, жолду бууп коюшат. Алардан кара май алып, ал жакка биздин товарларды сатсак эмнеге болбосун. Бирок жеткирүү жолдорун чечүү милдети турат. Бул үчүн эки тараптуу гана эмес, башка жактар менен дагы макулдашууга жетишүү зарыл”.

Президент Садыр Жапаров Азербайжандын Милли Межлисинин төрайымы Сагиба Гафарова менен да жолугары мерчемделген. Андан соң президент азербайжандык ишкерлер менен жолугушуп, Кыргызстандын соода-инвестициялык шарттары тууралуу маалымат берилет.

Бул расмий сапар Кыргызстан менен Азербайжандын дипломатиялык мамилелеринин 30 жылдыгынын, ошондой эле эки өлкөнүн достук жана кызматташтык Келишимине кол коюлгандыгынын 25 жылдыгынын алдында уюштурулду.

2010-жылдан кийин Баку-Бишкек түз аба каттамын ачуу, Бишкекте азери өкмөтүнүн каржылык көмөгү менен жаңы мектеп куруу жана кыргыз-азербайжан достук гүлбагын ачуу сыяктуу бир катар демилгелер макулдашылып, бирок ишке ашпай келген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG